Жалал-Абадда 59 жаңы кайра иштетүү ишканасы жана 7 соода-логистикалык борбор ачылат

Жалал-Абадда 59 жаңы кайра иштетүү ишканасы жана 7 соода-логистикалык борбор ачылат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2030-жылга чейин өлкөдө айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн деңгээлин 25%га жеткирүүнү максаттап, жалпы 385 ишкананы түзүү боюнча пландарын улантууда.

Министрликтин маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусунда жасалган талдоо боюнча, 7 соода-логистикалык борбор жана 59 кайра иштетүү ишканасын ачуу пландалууда. Бул ишканалар аймактын климаттык жана географиялык шарттарын эске алуу менен иштеп, айыл чарба продукциясын сактоого, жоготууларды азайтууга жана кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүүгө багытталат.

Ишканалар буудайды, жашылча-жемиштерди, мөмө-жемиштерди, сүттү, этти, жүндү кайра иштетүүнү, ошондой эле май жана тоют өндүрүүнү камтыйт.

Район жана шаарлар боюнча пландар:

  • Аксы району – 1 СЛБ, 10 ишкана
  • Ала-Бука району – 1 СЛБ, 7 ишкана
  • Базар-Коргон району – 2 СЛБ, 6 ишкана
  • Ноокен району – 1 СЛБ, 7 ишкана
  • Сузак району – 1 СЛБ, 9 ишкана
  • Тогуз-Торо району – 7 ишкана
  • Токтогул району – 1 СЛБ, 6 ишкана
  • Чаткал району – 6 ишкана
  • Кара-Көл шаары – 1 ишкана

Бул долбоор ар бир аймактын адистешүүсүнө ылайык ишканаларды туруктуу чийки зат менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Натыйжада айыл чарба продукциясынын жоготуулары азайып, жаңы жумуш орундар түзүлүп, агроөнөр жай комплекси атаандаштык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Министрлик жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте долбоорлорду ишке ашырып, региондордун агроөнөр жай потенциалын жогорулатууга багытталган иштерди улантат жана өлкөдөгү ишкерлерди жана инвесторлорду кызматташууга чакырат.

Суроолор боюнча байланышыңыз: 0708 320 820, 0990 559 083

Мындан тышкары окуңуз

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылдын Орозо айт майрамын 20-март, жума күнүнө дал келе тургандыгын маалымдады. Бул чечим Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңешмесинде кабыл алынган. Мындан сырткары, 2026-жылдагы Кадыр түн 16-марттан 17-мартка караган түнү белгилене тургандыгын Муфтияттан кабарлашты. Орозо айттын урматына карата кийинки жумада кыргызстандыктар 3 күн дем

Кайсыл өлкөлөрдүн финик, инжир, ананас, авокадо, гуава жана манголорун жеп жатабыз?

Кайсыл өлкөлөрдүн финик, инжир, ананас, авокадо, гуава жана манголорун жеп жатабыз?

2025-жылы Кыргызстанга 19 004,4 тонна жаңы жана кургатылган финик, инжир, ананас, авокадо, гуава жана манго импорттолгонун (ТН ВЭД коду 0804) Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөн. Импорттун жалпы суммасы 11,7 млн долларды түзгөн. Жеткирүүлөрдүн көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу 3,8%га көбөйгөн. Эң көп продукция төмөнкү өлкөлөрдөн алып

Өкмөттө айыл чарбасын каттоого даярдык талкууланды

Өкмөттө айыл чарбасын каттоого даярдык талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгы алдында өлкөнүн айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү боюнча жумушчу кеңешме өттү. Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери катышты. Ал эми Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын башчылары

Жаңы тарифтер электр энергиясынын өздүк наркынын 45%ын гана жабат

Жаңы тарифтер электр энергиясынын өздүк наркынын 45%ын гана жабат

1-майдан тартып тарифтер өзгөргөнүнө карабастан, Кыргызстандагы калк электр энергиясынын чыныгы өздүк наркынын болгону 45%ын гана төлөрүн Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин директору Тимур Орозалиев билдирди. Анын айтымында, 2026-жылы электр энергиясынын бир киловатт-саатынын өздүк наркы 3 сом 3 тыйын болуп эсептелет. "1-майдан тартып тариф 1 сом 64 тыйын болот.