11 миңден ашык ишкерге 9,4 млрд сомдон ашык пайызсыз насыя берилди

11 миңден ашык ишкерге 9,4 млрд сомдон ашык пайызсыз насыя берилди

Кыргыз Республикасында чакан жана орто ишканаларды колдоо максатында ишке кирген “Кичи-, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо” долбоорунын алкагында ишкерлерге 9 млрд 435 млн сомдон ашык пайызсыз кредиттер берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Долбоор 2021-жылдын 31-мартында Министрлер Кабинети тарабынан кризиске каршы иш-чаралар планынын алкагында жана Дүйнөлүк банк менен Азия инфраструктуралык инвестициялык банкынын каржылоосу менен ишке кирген. 2022-жылдын сентябрь айынан тартып ишкерлер пайызсыз кредит алууга мүмкүнчүлүк алган.

2025-жылдын 1-октябрына карата жалпы 11 821 ишкер насыя алган. Алардын ичинен:
1-категория (1 млн сомго чейин) – 9 675 ишкерге 5 млрд 775 млн сом берилген.
2-категория (3 млн сомго чейин) – 2 194 ишкерге 3 млрд 711 млн сом насыя берилген.

Бул долбоор чакан жана орто бизнеске кризистик кырдаалда туруктуулук берип, ишкерлерге өнүгүүгө жаңы мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кар көчкү алдында калган жаранды издөө иштери уланууда

Кар көчкү алдында калган жаранды издөө иштери уланууда

Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүнүн Бороондуу жайлоосунда кар көчкү алдында калган жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. ӨКМ маалыматына ылайык, кече издөөгө жалпы 55 адам тартылып, издөө иштеринин биринчи күнү 10 койдун, ал эми экинчи күнү 20 баш койдун тарпы табылган. Белгилей кетсек, 12-февралда Суусамырдагы

Башкы прокуратурада жаңы дайындоолор

Башкы прокуратурада жаңы дайындоолор

Баймурза Маатов Башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, Малик Бектурганов Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды. Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык КРнын Башкы прокурорунун биринчи орун басары Маатов Баймурза Турдахунович ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, анын ордуна Малик Бектурганов Башкы

Ош шаарында ишкерден опузалап акча талап кылган жаран кармалды

Ош шаарында ишкерден опузалап акча талап кылган жаран кармалды

Өздөрүн милиция кызматкерлери катары тааныштырышкан белгисиз үч жаран Ош шаарындагы укалоо салондордун бирине келип, салон ээсине кызматтык күбөлүгүн көрсөтпөстөн, тинтүү иштерин жүргүзүшүп, салон ээсине орой мамиле жасашкан. ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришкендей, шектүүлөр салон ээсинен 32 000 сом накталай акча алышып, кошумча акча талап кылышкан. Кийинчерээк, шектүүлөрдүн бири өзүн “Марсель”

Бишкек шаарынын Калинин көчөсүндөгү көпүрө жабылат

Бишкек шаарынын Калинин көчөсүндөгү көпүрө жабылат

15-февралдан баштап Бишкек шаарындагы Калинин көчөсүндө жол оңдоо иштери башталарын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган көчөдөгү көпүрөдө реконструкция жүргүзүлөт. Иштер жолдун жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүүгө жана унаа агымынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Оңдоо иштерине байланыштуу көпүрө автотранспорт каражаттары үчүн убактылуу жабылат. Патрулдук милиция айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландаштырууга, айланып