Сокулукта ишкерлерге мыйзамсыз айып салган 10 кызматкер жазаланды
Ишкерлердин укуктарын коргоо максатында прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Сокулук районунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Тактап айтканда, район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун айрым кызматкерлери ишкерлерге карата пландуу текшерүүлөрдө мыйзамда каралган жазуу жүзүндөгү эскертүү жана контролдук текшерүүнү өткөрбөстөн, түздөн-түз айып пул салган.
Прокурордук чаралардын негизинде борбордун 3 кызматкерине Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 436-беренеси боюнча иш козголуп, соттун чечими менен ар бирине 15 миң сом айып салынды. Мындан тышкары, 7 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылды.
Ошондой эле прокуратуранын кийлигишүүсү менен жеке ишкерлерге карата мыйзамсыз чыгарылган 3 токтом жокко чыгарылды.