Өткөн жылы кепилдиктердин 54%ы айыл чарба ишкерлерине берилген

Өткөн жылы кепилдиктердин 54%ы айыл чарба ишкерлерине берилген

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча "Кепилдик фонд" ААКсы жалпы суммасы 3,79 млрд сомду түзгөн 1 656 кепилдик берди. Бул колдоонун натыйжасында ишкерлер 12,98 млрд сом өлчөмүндө кредиттик каражаттарды тартууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматынан билдиришти.

Кепилдик колдоонун негизги бөлүгү айыл чарба тармагына туура келип, 894 кепилдик (54%) берилди. Бул багытта кепилдиктердин суммасы 384,3 млн сомду, тартылган кредиттердин көлөмү 1,2 млрд сомду түздү.

Транспорт тармагында 279 кепилдик (17%) берилип, 384,2 млн сом кепилдик аркылуу 1,25 млрд сом кредит тартылды. Соода тармагында 232 кепилдик (14%) берилген, кепилдиктердин суммасы 774,3 млн сом, тартылган кредиттердин көлөмү 2,52 млрд сом болду.

Ошондой эле туризм тармагындагы ишкерлерге 31 кепилдик берилди. Бул багытта кепилдиктердин суммасы 206,7 млн сомду, тартылган кредиттердин көлөмү 1,05 млрд сомду түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек шаарында үлүштүк курулуштун катышуучулары үчүн техпаспортторду тариздөө жана келишимдерди каттоо боюнча убактылуу эрежелер киргизилерин шаар мэриясы билдирди. 2026-жылдын 12-мартындагы тескеме муниципалдык жер тилкелеринде курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү үлүшчүлөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Документ Кыргыз Республикасынын президентинин турак жайга болгон укуктарды каттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында кабыл алынган.

Binance Кыргызстанда криптовалюта менен төлөм жүргүзүүнү өнүктүрүү үчүн BAKAI экосистемасы менен өнөктөштүк түзгөнүн жарыялады

Binance Кыргызстанда криптовалюта менен төлөм жүргүзүүнү өнүктүрүү үчүн BAKAI экосистемасы менен өнөктөштүк түзгөнүн жарыялады

Binance — дүйнөдөгү алдыңкы глобалдык блокчейн экосистемаларынын бири жана соода көлөмү боюнча эң ири криптовалюта биржасы болуп саналат. BAKAI экосистемасы Binance Pay менен BAKAI’га негизделген жаңы чечимди ишке киргизгенин жарыялады. Бул чечим өлкөнүн каалаган жеринде криптовалюта аркылуу товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жаңы мүмкүнчүлүк Binance Pay инфраструктурасын

Э.Акунбеков: Эттин баасын турукташтыруу үчүн эт кластери түзүлөт

Э.Акунбеков: Эттин баасын турукташтыруу үчүн эт кластери түзүлөт

Кыргызстанда эт өндүрүшүн көбөйтүү жана бааны турукташтыруу максатында эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков өлкөдө азык-түлүк бааларын турукташтыруу, айрыкча эттин баасын жөнгө салуу боюнча

Кыргызстанда 1100 ветеринар жетишпейт - Абай Казаков

Кыргызстанда 1100 ветеринар жетишпейт - Абай Казаков

Кыргызстанда болжол менен 2300 ветеринар керек, бирок учурда болгону 1200 адис гана иштеп жатат. Бул тууралуу радио эфиринде Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын эпизоотияга каршы көзөмөл башкармалыгынын башчысы Абай Казаков билдирди. Анын айтымында, административдик-аймактык реформадан кийин айыл өкмөттөрүнүн саны 400дөн 235ке чейин кыскарган.