Бишкекте Борбор Азия менен АКШнын бизнес лидерлери жолугат

Бишкекте Борбор Азия менен АКШнын бизнес лидерлери жолугат

4-5-февралда Бишкек шаарында “Бизнес (B)5+1” экинчи бизнес форуму өтөт. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен биргеликте уюштурулуп, Борбор Азия өлкөлөрү жана Америка Кошмо Штаттарынын бизнес өкүлдөрү менен мамлекеттик органдарынын ортосундагы диалогду өнүктүрүүгө багытталат.

Форумдун негизги максаты — аймактык экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана мамлекеттик менен жеке секторлордун ортосундагы кызматташууну кеңейтүү.

Иш-чарада айыл чарба, банк жана финансы, маанилүү минералдык ресурстар, электрондук коммерция жана маалыматтык технологиялар, транспорт жана логистика, туризм тармактары приоритеттүү багыттар катары каралат.

Белгилей кетсек, “B5+1” биринчи бизнес форуму 2024-жылдын 14–15-мартында Алматы шаарында өтүп, 250дөн ашуун бизнес өкүлдөрүн жана кызыкдар тараптарды бириктирген.

“B5+1” — Борбор Азиянын беш өлкөсү жана Америка Кошмо Штаттарын камтыган “C5+1” дипломатиялык платформасынын бизнес форматы болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов мыйзамсыз алган делген жерлерге байланыштуу иш учурда Ош шаардык сотунда каралууда. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасынын жарандык иштер боюнча орун басары Шералы Камчыбеков 10-апрелде Ош шаарында президент Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда билдирди. Мунун алдында Шаардык кеңештин депутаты Бекболот Арзибаев мамлекет башчы менен жолугушууда

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Москва районундагы суу чарба башкармалыгы 30 гектар аянттагы жүгөрүнү сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу системасын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 12 млн 105 миң сомду түзөт. Жумуштар 2026-жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүлүшү керек. Жабдуучулардын сунуштары 24-апрелге чейин кабыл алынат. Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сыр түрлөрү өндүрүлө баштарын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди. Маалыматка ылайык, фонд жана Талас облусундагы алдыңкы сүт өндүрүүчүлөрдүн бири — "Эмилия" ЖЧКсы өндүрүш кубаттуулуктарын кеңейтүү боюнча долбоорду каржылоо келишимине кол коюшту. Жалпы инвестиция көлөмү 1,2 млн долларды түзөт. Талас облусунда биринчи жолу крем-чиз, фета жана маскарпоне

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу