Кыргыз ишкерлери үчүн Wildberries аркылуу товар ташуу жеңилдетилди

Кыргыз ишкерлери үчүн Wildberries аркылуу товар ташуу жеңилдетилди

ЕАЭБ Кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы Элимбек Каныбек уулу маалымат берди.

Анын айтымында, 30-январда Москва шаарында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйынында электрондук соода алкагында, айрыкча Wildberries платформасы аркылуу кыргызстандык сатуучулардын товарларын ташууда жаралып келген көйгөйлөр каралган.

Жыйынтыгында кыргыз сатуучулардын товарларын ЕАЭБге мүчө башка өлкөлөрдөгү электрондук соода аянтчаларынын кампаларына менчик укугун өткөрбөстөн ташып өтүү модели макулдашылды. Бул модель товар физикалык жакка сатылганга чейин колдонулат жана Россия тараптан колдоого алынды.

Ошондой эле товарларды жылдырууда CMR жана товардык-транспорттук накладной (ТТН) сыяктуу эки негизги документти тариздөө каралды. Бул тартипти түшүндүрүү үчүн жакын арада Экономика жана коммерция министрлигинин аянтчасында Wildberries өкүлдөрүнүн катышуусунда маалыматтык семинар өткөрүлөрү белгиленди.

ЕЭК Кеңеши мындан ары да өз ара электрондук соодадагы көйгөйлөрдү ыкчам аныктоо жана мониторинг жүргүзүү иштерин улантууну тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

"Кыргызалтын" минералдарды өндүрүүгө АКШ технологиясын киргизет

"Кыргызалтын" минералдарды өндүрүүгө АКШ технологиясын киргизет

"Кыргызалтын" ачык акционердик коому B5+1 бизнес-форумунун алкагында АКШнын ири компаниялары — Pangea Global, Mooney Group, TETHYS Gateway Investment, ошондой эле Nasdaq фондулук биржасынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуулар "Кыргызалтын" ААКнын башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимовдун жетекчилиги астында өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын тоо-кен тармагын өнүктүрүүнүн

Бишкек–Токмок каттамына кошумча кичи автобустар киргизилди

Бишкек–Токмок каттамына кошумча кичи автобустар киргизилди

Социалдык тармактарда кечки саат 19:00дөн кийин Бишкек–Токмок каттамында кичи автобустар жүрбөй, жүргүнчүлөр такси кызматын пайдаланууга мажбур болуп жатканы тууралуу кайрылуулар түшкөн. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Мониторингдин жыйынтыгында жума жана ишемби күндөрү Бишкектен Токмокко каттаган жүргүнчүлөрдүн саны адаттагыдан көп экени аныкталган. Маселени чечүү максатында

Токтогул районунда 30 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулат

Токтогул районунда 30 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулат

Токтогул районунда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгелеген интенсивдүү бак өстүрүү долбоору ишке ашырылууда. Ведомствонун маалыматына караганда, долбоордун алкагында 30 гектар кайрак жерге райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан тамчылатып сугаруу системалары орнотулуп, көлөмү 15 миң куб метрди түзгөн суу бассейни курулуп жатат. Мындан тышкары, берилген

Былтыр Баткендин фермерлерине 308,9 млн сом жеңилдетилген насыя берилген

Былтыр Баткендин фермерлерине 308,9 млн сом жеңилдетилген насыя берилген

Өткөн жылы "Айыл чарбасын каржылоо-13" долбоорунун алкагында Баткен облусунда 623 жаранга 308,9 млн сомдук жеңилдетилген насыя берилген. Бул тууралуу Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, "Айыл банк" тарабынан айыл чарба тармагындагы 25 ишкерге 10 млн сом, мал чарбачылыгы боюнча 188 ишкерге 119 млн сом, тамчылатып