Кыргызстандагы ишкер айымдарга акысыз колдоо көрсөтүлөт – ментордук программага кабыл алуу башталды

Кыргызстандагы ишкер айымдарга акысыз колдоо көрсөтүлөт – ментордук программага кабыл алуу башталды

“Ишкер айымдар” ментордук программасынын юбилейлик сезонуна чакан жана орто бизнесте кеминде эки жылдык тажрыйбасы бар ишкер айымдар катыша алышат. Анкеталарды толтуруунун мөөнөтү – 2026-жылдын 2-мартына чейин.

Кыргызстанда “Ишкер айымдар” ментордук программасынын бешинчи юбилейлик сезонуна катышуучуларды кабыл алуу башталды. Бул демилге аялдардын ишкерлигин колдоого жана экономикадагы аял-лидерлердин ролун бекемдөөгө багытталып, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен FINCA Банкынын биргелешкен колдоосунун негизинде ишке ашырылууда. 

Өз ишин өнүктүрүп жаткан жана жети ай бою бизнесин өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө даяр ишкер айымдар программага катышууга өтүнмө бере алышат. Программага катышуу акысыз.

Ментор катары тажрыйбалуу ишкерлер чакырылууда, алар ментини программанын бардык этабында коштоп, өз тажрыйбасын алар менен акысыз бөлүшөт. Менторлор жана ментилер үчүн кабыл алуу уланууда – анкеталарды толтуруунун мөөнөтү 2026-жылдын 2-мартына чейин.

Программанын алкагында катышуучулар онлайн жана офлайн тренингдерден өтүшөт, кросс-ментордук сессияларга, таңкы бизнес-тамактанууларга жана ири өндүрүштүк ишканаларга экскурсиялык сапарларга катышат. Мындай формат катышуучулардын бизнести жана каржыны башкаруу көндүмдөрүн жакшыртууга, ошондой эле пайдалуу бизнес байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Ментордук программа Кыргызстанда 2019-жылдан бери ишке ашырылып келет. Ал ЕРӨБдүн “Ишкер айымдар”насыялык линиясы аркылуу көрсөтүлүүчү финансылык эмес кызматтардын алкагында ишке ашырылат жана аял ишкерлерди колдоо максатында Финансылык демилге (We-Fi) жана Швейцариянын Өкмөтүнүн колдоосу аркылуу ЕРӨБдүн чакан бизнести колдоо фонду менен биргеликте ишке ашырылууда. Мындан тышкары, аталган демилгеге Ирландия, Италия, Жапония, Люксембург, Норвегия, Түштүк Корея, Швеция, Швейцария, Тайвань, ЕРӨБдүн техникалык кызматташтык бизнес-фонду, Улуу Британия жана АКШ да колдоо көрсөтөт.

Анкетаны толтурууга шилтеме: https://bibsh.mssg.me/ 

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук илимдер академиясына 26 атайын кызматтык унаа тапшырылды

Улуттук илимдер академиясына 26 атайын кызматтык унаа тапшырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуттук илимдер академиясына (УИА) 26 бирдик атайын кызматтык автотранспорт каражатын тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, унаалар УИАнын илимий мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында сатып алынып, археологиялык, геологиялык, геофизикалык, биологиялык жана башка талаа илимий-экспедициялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө багытталат. Автотранспорт каражаттары

Кыргызстандын айыл чарба техникасы жазгы иштерге 82% даяр

Кыргызстандын айыл чарба техникасы жазгы иштерге 82% даяр

Кыргызстанда айыл чарба техникасынын жалпы даярдыгы 82%ды түзөрүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бүгүнкү күндө республика боюнча 92 миңден ашык айыл чарба техникасы бар. Анын ичинде 22 428 трактор, 1 960 дан комбайны жана башка негизги техникалар бар. "Учурда аймактарда 2026-жылдын жазгы

Сот аткаруучуларга гонорар төлөө эрежеси өзгөрөбү?

Сот аткаруучуларга гонорар төлөө эрежеси өзгөрөбү?

Башкы прокуратура сот аткаруучуларга гонорар төлөө тартибин өзгөртүүнү пландап жатканын Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер, укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева билдирди. Анын айтымында, учурда өндүрүлгөн каражаттын 10%ы кармалып, анын бир бөлүгү кийин сот аткаруучуларга айлык маянасына кошумча гонорар

Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө 7,4 млрд сом жумшады

Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө 7,4 млрд сом жумшады

2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө 7 млрд 470 млн сом же болжол менен 85,3 млн доллар жумшаганы Финансы министрлигинин отчетунда көрсөтүлгөн. Анын ичинде тышкы карызды төлөөгө 3 млрд 48,2 млн сом (34,8 млн доллар), ал эми ички карызды жабууга 4 млрд 421,8