Кыргызстандык Кундуз Курбанкулова жүндөн жер семирткич чыгарып жатат

Кыргызстандык Кундуз Курбанкулова жүндөн жер семирткич чыгарып жатат

2025-жылдан тарта ишкер Кундуз Курбанкулова койдун жүнүн кайра иштетүү аркылуу дыйкандар үчүн экологиялык таза жер семирткич өндүрүп, сатыкка чыгара баштаган. Анын өндүрүшү менен Айыл чарба министрлигинин Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаменти таанышып чыкты.

Бул продукция топурактын түшүмдүүлүгүн жогорулатып, нымдуулукту сактоого жардам берет жана өсүмдүктөрдүн өсүшүнө оң таасирин тийгизет. Айрыкча органикалык дыйканчылыкка кызыккан чарбалар арасында суроо-талап жогору болууда.

2026-жылы продукцияга болгон суроо-талап кыйла өсүп, буйрутмалардын саны көбөйдү. Учурда ишкер өндүрүш көлөмүн кеңейтүү үстүндө иш алып барууда.

Бул демилге мал чарбачылыгындагы калдыктарды натыйжалуу пайдалануу менен бирге, айыл чарба тармагында туруктуу жана экологиялык ыкмаларды жайылтууга өбөлгө түзүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарында жаңы административдик имарат курулууда

Манас шаарында жаңы административдик имарат курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында курулуш объектилериндеги иштердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министр Манас шаарындагы Ж. Абдурахманов көчөсү 6/2 дарегинде курулуп жаткан Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы административдик имаратын көрүп чыкты. Ал кызматкерлер

Президент 2021-2025-жылдары экономиканын көлөмү 3 эсеге өскөнүн билдирди

Президент 2021-2025-жылдары экономиканын көлөмү 3 эсеге өскөнүн билдирди

"2021-2025-жылдарды өлкөнүн экономикалык моделин терең трансформациялоого арнадык, - деди президент Садыр Жапаров бүгүн "Ынтымак Ордодо" өтүп жаткан республикалык кеңешмеде. Президенттин айтымында, 5 жыл мурун пандемия учурунда өлкөдө мамлекеттик бюджеттин көйгөйлөрү, институттардын алсыздыгы жана инвестициялык активдүүлүктүн төмөндүгү байкалган. "Мен 2021-2025-жылдар Кыргызстандын жаңы тарыхындагы сапаттуу экономикалык өнүгүү доору

Мамлекетке 959 объект, 3 300 гектар жер кайтарылды – С.Жапаров

Мамлекетке 959 объект, 3 300 гектар жер кайтарылды – С.Жапаров

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжасында мамлекетке миңдеген мүлктөр алынганын республикалык кеңешмеде өлкө башчысы Садыр Жапаров билдирди. Президент белгилегендей, коррупция өлкөнүн өнүгүүсүнө бир топ эле кедергисин тийгизип келген. "Ага каршы иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке миңдеген мүлктөр алынды. Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга 959 объект өткөрүлдү. Жергиликтүү органдардын балансына 3 миң 300 гектардан ашык

Оштогу 275 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында

Оштогу 275 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында

Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарынын Төлөйкөн айылында 275 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, билим уясынын жалпы наркы 134 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталган. Учурда имараттын “А” блогу 95%га бүткөрүлүп, “Б” блогунда 70%дык жумуш