Зергерлерге жеңилдик: баалуу металлдар 2% арзандатуу менен сатылат
Министрлер Кабинети зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө баалуу металлдарды сатуу тартибин бекитти. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документ зергердик тармакты чийки зат менен камсыз кылуу жана тармакты колдоо максатында иштелип чыккан. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча жарлыгына жана “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” мыйзамына ылайык кабыл алынган.
Бекитилген тартипке ылайык, ата мекендик өндүрүүчүлөргө баалуу металлдар Лондон баалуу металлдар рыногунун баасынан 2% арзандатуу менен сатылат.
Ошондой эле сатып алуу пункттары жана күрөөканалар баалуу металлдарды жана асыл таштарды, ошондой эле алардын сыныктарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатууга укуктуу экени белгиленди.
Бул чечим зергердик тармакты өнүктүрүүгө жана ата мекендик өндүрүштү колдоого багытталган.