18 жылдын ичинде Кыргызстандын энергетика тармагына канча грант жана насыя инвестиция салынды? Сереп
1992-2020-жылдар аралыгында Кыргызстандын энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорго 2.25 млрд доллар же тышкы жардамдын жалпы көлөмүнүн 19.6%ы тартылган. Анын ичинен 334.11 млн доллар (14.9%) гранттык ресурстар болгон, ал эми 1.91 млрд доллар (84.1%) насыя түрүндө келген. Жалпысынан 41 гранттык жана насыялык келишимге кол коюлган.
«КРга берилген тышкы жардамдардын ачык-айкындуулугу» долбоорунун эксперттери кенен талдоо жүргүзүп, анда Кыргызстанга тыштан канча жардам келгенин жана ал канчалык натыйжалуу колдонулуп жаткандыгына сереп салышкан. Чет өлкөдөн келген бардык тышкы жардамдар тууралуу жалпы маалыматты камтыган обзордун биринчи бөлүгүн мурдараак чагылдырганбыз. Андан сырткары, бюджетти колдоого жана жол-транспорт тармагына көрсөтүлгөн жардамдар тууралуу да сереп даярдашкан.
Бул жолу электр тармагына тыштан келген жардамдар маселесин иликтейбиз.
Кандай долбоорлор болгон?
Чет өлкөлүк жардам каражаттары электр энергиясын иштеп чыгаруучу ишканаларга жана электр энергиясын ташуу жана бөлүштүрүү менен алектенген компанияларга жумшалган. Ири энергетикалык долбоорлорго төмөнкүлөр кирет:
- Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун бир нече фазалары (жалпы 320 млн доллар)
- Афганистанга жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоо үчүн электр энергиясын куруу долбоору CASA-1000 (172 млн доллар)
- «Датка Кемин» электр берүү линияларын жана көмөкчордондорун куруу долбоору (389.80 млн доллар)
- Кыргызстандын түштүгүндөгү электр чубалгыларын модернизациялоо долбоору (208 млн доллар)
- Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору (386 млн доллар)
Тышкы донорлордун эсебинен, Ат-Башы, Камбар-Ата жана Үч-Коргон ГЭСтерин калыбына келтирүү, Бишкек, Ош, Нарын, Токмок шаарларында жана башка калктуу конуштарда электр менен жабдуу системасын жакшыртуу боюнча долбоорлор ишке ашырылган.
Каражатты кимдер берди?
Төмөндөгү графикте 1992-2020-жылдар аралыгындагы энергетика тармагына берилген тышкы жардамдар – донорлорду жана каржы инструменттери көрсөтүү менен берилген. Диаграммада берилген маалыматка ылайык, энергетика тармагындагы каражаттардын көпчүлүгү Кытайдан, тагыраак айтканда, Кытайдын Эксимбанкынан тартылган.
Кытайдын Эксимбанкынан жалпы 983.80 млн доллар бөлүнгөн, бул энергетикага тыштан келген жардамдын 43.8%ын түзөт. Азия Өнүктүрүү Банкы 449.80 млн доллар берген, анын 202.60 млн доллары грант түрүндө келген. Бөлүнгөн каржылык жардам боюнча үчүнчү ири донор – Евразия Өнүктүрүү Банкы болуп саналат. ЕРӨБ Токтогул ГЭСин реабилитациялоо жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин агрегаттарынын бирин орнотуу иштери болуп, жалпы суммасы 210 млн долларга жеткен, эки ири долбоорду каржылаган.
1992-2020-жылдар аралыгында донордук жана финансылык инструменттердин жардамы менен энергетика тармагына берилген тышкы жардамдар

Дүйнөлүк Банк CASA-1000 долбоорун каржылоого катышып, 45 млн доллар бөлүп берди, ошондой эле электр менен жабдуу жана борбордук жылытуу системаларын реконструкциялоо боюнча бир катар долбоорлорго катышты. Жалпысынан бул эл аралык институт 207.50 млн доллар бөлгөн, анын ичинде 67.50 млн доллар гранттык негизде берилген.
Жыйынтыктар
Бүгүнкү күнгө чейин энергетика тармагына тышкы жардамды тартуунун натыйжасы кандай болду? Төмөндөгү графикте 1992-2019-жылдар аралыгында тартылган гранттардын жана тышкы ресурстардын көлөмү көрсөтүлгөн. Ошондой эле, ошол кездеги электр энергиясынын жылдык өндүрүшү да көрсөтүлгөн.
Чет өлкөдөн келген каражаттардын көлөмү жана 1992-2019-жылдардагы электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмү

1992-жылдан 2019-жылга чейин электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмү жылдан-жылга 11-16 млрд кВт/с чейин жеткен. Электр энергиясынын негизги булагы ГЭС экендигин эске алганда, алар өз кезегинде мөңгүдөн түшкөн суудан абдан эле көз каранды. Ошол эле учурда, энергетика тармагына чет өлкөдөн келген каражаттын олуттуу көлөмү салынып жаткандыгына карабастан, электр энергиясын өндүрүүнүн эң жогорку чектери жогорулаган жок жана ал кВт/с 16 млрд боюнча кала берди.
Энергетика тармагына тыштан көрсөтүлгөн жардамдын «алсыз» болуп жаткандыгынын себеби, чындыгында, тартылган гранттар жана насыялардын өндүрүштүк кубаттуулукту көбөйтүү эмес, жөн гана энергетика тармагынын ишин жумуш абалда кармап туруу үчүн жумшалган. Анткени ГЭСтердин көпчүлүгү ондогон жылдар мурда курулуп, ишке берилгендигине байланыштуу алар кыйла эле эскирип кеткен. Мындан тышкары, электр энергиясына болгон тариф маселеси да жогоруда айтылгандарга себеп болуп келет.
Төмөнкү таблицада 2020-жылдын сентябрь айына карата Кыргызстан үчүн ар кайсы өлкөлөрдөгү, анын ичинде коңшу мамлекеттердеги электр энергиясынын тарифтери келтирилген. Пост-советтик өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан эң төмөнкү тарифтерге ээ. Андан тышкары, КР 147 мамлекеттин ичинен электр энергиясына эң арзан тарифтерди берген өлкөлөрдүн катарына кирген.

Арзан тарифтердин терс жагы энергетикалык компаниялардын кирешесинин төмөндүгүнө таасир этет, натыйжада, инвестициялоо жана өндүрүштү өнүктүрүү жана потенциалын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп калат.
КРнын энергетика тармагына берилген тышкы жардамдын көпчүлүгү кайтарымдуу негизде берилгенин эске алганда, тарифтердин төмөндүгүнөн улам энергетикалык компаниялардын иштери начарлап, Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине бул тармактан келүүчү олуттуу каражат түшпөй калат.
Энергетика тармагындагы чет өлкөлүк жардам каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугуна таасир этүүчү дагы бир жагдай – бул ташуу жана бөлүштүрүү учурунда электр энергиясын жоготуу маселеси болуп саналат. Төмөндө КРда 1990-2014-жылдар аралыгында ташуу жана бөлүштүрүү учурунда электр энергиясынын жоготуулары жөнүндө көрсөткүчтөр келтирилген.
Эгерде 1990-жылы, башкача айтканда, Союз убагында жоготуулардын деңгээли болжол менен 7%ды түзсө, 2000-жылдардын башында бул көрсөткүч 37% га жеткен. 2014-жылга карата жоготуулар 24% га чейин төмөндөгөн, бирок алар мурдагыдай эле дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн бир нече эсе жогору бойдон калууда (болжол менен 8%), ошондой эле кирешеси төмөн жана орто өлкөлөр үчүн орточо деңгээлден бир нече эсе жогору (12%га жакын).
1990-2014-жылдары электр энергиясын ташууда жана бөлүштүрүү учурларындагы жоготуулар

Жалпысынан, КРнын энергетика тармагындагы чет өлкөдөн келген жардамдын натыйжалуулугу жана кайтарымдуулугу көбүнчө кылдаттык менен ойлонулган жана социалдык адилеттүү тарифтик саясаттан, ошондой эле энергетикалык компаниялардын өз мезгилинде электр энергиясын ташуу жана бөлүштүрүү учурундагы жоготууларын азайтуу аракетинен көз каранды болот.
Көрсөтүлгөн иш-чараларды ийгиликтүү жүзөгө ашыруу – энергетика тармагындагы ишканалардын кирешелүүлүгүнүн көрсөткүчтөрүн сөзсүз түрдө жогорулатат, бул тышкы карызга алынган ресурстарды кайтарып берүү менен байланышкан мамлекеттик бюджеттин финансылык жүгүн жеңилдетет.