Бажы кызматы тогуз айда белгиленген планды 11.9 млрд сомго аз аткарды

Бажы кызматы тогуз айда белгиленген планды 11.9 млрд сомго аз аткарды

Мамлекеттик Бажы кызматы тогуз айда Финансы министрлиги белгилеген пландын 81.6%ын гана аткара алды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча, бажы төлөмдөрүнүн болжолдуу түшүшү 64.8 млрд сомду түзгөн. Алардын ичинен алымсыз бажы төлөмдөрү – 50 млрд 400 млн сом, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн салым 14 млрд 400 млн сом болгон.

“Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча, Бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү – 52.9 млрд сомду түздү. Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландаштырылган көрсөткүчтөн 81.6%ды түздү, же болбосо, 11 млрд 915 млн сом өлчөмүндө аз аткарылып жатат”, – деген Исабеков буга түшүндүрмө бар экенин кошумчалады.

Ошондой эле ал 2021-жылдын тогуз айына салыштырмалуу бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 20.3 млрд сомго көбөйгөнүн, же болбосо, өсүү темпи – 162.3%га жогору болгонун белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Айыл чарба насыяларынын пайыздык чени 3%га чейин төмөндөйт

Президент Садыр Жапаров фермерлер үчүн айыл чарба насыяларынын пайыздык ченин 6%дан 3%га чейин төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тапшырма Араван районунун тургундары менен жолугушууда айтылды. Жолугушуунун катышуучуларынын бири өзүн райборбордон (Аравандан) 200 км алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылынын тургуну катары тааныштырып, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Анын