КРнын калкынын реалдуу акчалай кирешеси 4.3%га көбөйдү - Улутстатком

КРнын калкынын реалдуу акчалай кирешеси 4.3%га көбөйдү - Улутстатком

Кыргызстандын калкынын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 4.3%га көбөйдү. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалыматында айтылат.

Бул 2022-жылдын I жарым жылдыгында керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген жана ал 272.3 млрд сомду түзгөн.

Кыргызстандын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2022-жылдын I жарым жылдыгында 307.2  млрд сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 17.7%га көбөйдү.

Милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөр кошулбай эсептелген кирешелерди мүнөздөгөн калктын адам башына эсептелген колдогу акчалай кирешелери 2022-жылдын I жарым жылдыгында жалпы республика боюнча айына 7 408 сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 15.2%га көбөйгөн.

Ошол эле мезгилде Улутстаткомдун маалыматына ылайык, Кыргызстанда инфляциянын деңгээли өткөн жылдын декабрь айында 7.9% болсо, быйыл октябрда 12.1%га жетти. Буга азык-түлүк товарларына (13.1%), азык-түлүк эмес товарларга (10%) керектөө бааларынын өсүшү жана ар кандай кызмат көрсөтүүлөргө (8%) баалардын өсүшү таасирин тийгизген. Башкача айтканда, өлкөдө кымбаттаган баалар калктын кирешесинин көбүн “жеп” коюуда.

Мындан тышкары окуңуз

Менчиктештирүү жөнүндө жаңы мыйзам долбоору парламентке киргизилди

Менчиктештирүү жөнүндө жаңы мыйзам долбоору парламентке киргизилди

Жогорку Кеңешке мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү масштабдуу реформалоо тууралуу мыйзам долбоору киргизилди. Документ мамлекеттик активдерди сатуу механизмдерин түп-тамырынан өзгөртүүнү жана инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнү сунуштайт. Демилгечи — Министрлер кабинети. Долбоорго ылайык, мыйзамдардан буга чейин колдонулуп келген бир катар менчиктештирүү ыкмалары алынып салынат. Атап айтканда, конкурс аркылуу сатуу, ошондой эле мүлктү ижарага же

Бишкекте жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери башталат: кайсы көчөлөр жабылат?

Бишкекте жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери башталат: кайсы көчөлөр жабылат?

Борбор калаада 15-апрелден тарта Шабдан Баатыр көчөсү жана Фрунзе көчөсү тилкелеринде жылуулук тармактарын реконструкциялоо башталарын муниципалдык "Бишкекжылуулук тармактары" ишканасы билдирди. Анын маалыматына ылайык, Шабдан Баатыр көчөсүнүн түштүк тарабы — Курманжан Датка көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин, ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Шабдан Баатыр

Жеке мектеп, бала бакча куруучуларга 2 гектарга чейин жер бекер берилет – Садыр Жапаров

Жеке мектеп, бала бакча куруучуларга 2 гектарга чейин жер бекер берилет – Садыр Жапаров

Мамлекет жеке менчик бала бакчаларды жана мектептерди куруу үчүн жер бөлүп берүүгө даяр экенин президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусунун Араван району тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, кимде-ким бала бакча же мектеп курууну кааласа, жер акысыз берилет: район борборлорунда, чакан шаарларда, облустук борборлордо, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында.

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Кыргызстанда сот актыларын мажбурлап аткаруу системасын реформалоонун алкагында "Аткаруу өндүрүшү" автоматташтырылган системасы иштелип чыкканын Башкы прокуратуранын отчетунда айтылат. Система процесстерди санариптештирүүгө, ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган. Учурда ал тесттик режимде иштеп жатат. Ошондой эле акыркы жылдары топтолгон болжол менен 1,5 млн архивдик материалды инвентаризациялоо жана санариптештирүүгө