Мамматрезервдер фондунда ундун, өсүмдүк майынын кору жетиштүү - бирок кымбатташы мүмкүн

Мамматрезервдер фондунда ундун, өсүмдүк майынын кору жетиштүү - бирок кымбатташы мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда буудайдын, ундун, өсүмдүк майынын жана кумшекердин кору жетиштүү.  Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

“Азык-түлүк коопсуздугу дагы мамлекеттик коопсуздуктун негизине кирет. Муну эске алуу менен азык-түлүккө болгон кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу маселеси каралууда”, – деди Төрөбаев.  

Эскерте кетсек, кечээ, 26-декабрда Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Руслан Жунушов 2023-жылдан баштап буудайдын баасы 12%, ун 14-15%га кымбатташы мүмкүн экенин билдирген болчу. Ал буга минкабдын күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасын аныктаган токтомунун мөөнөтүнүн аяктап жатканы себеп болуп жатканын, мындан улам эми импорттолгон азык-түлүктөрдөн 12% киреше салыгы алына баштай турганын айткан.

Ал эми минкабдын маалымат кызматы Төрөбаев жыйында эгерде ун чыгаруучу комбинаттарында буудайдын кору түгөнө турган болсо, Мамматрезервдер фондунун кампаларында буудайдын запасы жетиштүү экенин кошумчалаганын билдирди.

Бирок алардын баасы көтөрүлөбү же конкреттүү чаралар каралса, баа ошондой калабы так маалымат бергенин кабарлаган жок.

Ал эми өсүмдүк майы боюнча минкаб матрезервде майдын кору жетиштүү экенин, бул боюнча май чыгаруучу заводдор менен дагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн жана аларда күн караманын кору жетиштүү экени айтат.

Бирок жакында эле маалымат жыйынын өткөргөн Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков республика өсүмдүк майы менен өзүн өзү 20% гана камсыз кыларын, көрсөткүчтөрдү артка тартып турган дал ушул өсүмдүк майы экенин билдирген болчу.

Мындан тышкары, бийлик кумшекер боюнча орчундуу маселе жаралбай тургандыгына ишендирүүдө. Быйылкы жылга карата “Кошой” жана “Кайыңды кант” заводдору менен биргеликте 62 миң тонна кумшекер өндүрүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын