Мамлекеттик жана тышкы карызды тейлөөгө 39.5 млрд сом жумшалды

Мамлекеттик жана тышкы карызды тейлөөгө 39.5 млрд сом жумшалды

Тышкы карызды тейлөө боюнча, кечиктирүү болгон жок. Бул тууралуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 28-декабрда өлкөнүн министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында билдирди.

“Мамлекеттик карызга 39.5 млрд сом, анын ичинен тышкы карызга 26.7 млрд сом берилди. Ушуну менен тышкы карызды тейлөө графиги ийгиликтүү аяктады. Акыркы төлөмдөрдү 23-декабрда жүргүздүк”, – деди ал.

2022-жылдын 30-сентябрына карата КРнын мамлекеттик карызынын көлөмү (тышкы + ички) 5 млрд 218 млн долларды (418 млрд 384 млн сом) түзгөн. 

Финансы министрлиги берген маалыматка таянсак, карыздар төмөндөгүдөй:

  • 79.8% мамлекеттик тышкы карыз — 4 млрд 162 млн доллар (333 млрд 769 млн сом)
  • 20.2% мамлекеттик ички карыз — 1 млрд 28 млн доллар (84 млрд 615 млн сом). 

Улутсаткомдун берген маалыматын карасак, Кыргызстандын тышкы карызы беш жыл катары менен көбөйүүдө. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча анын көлөмү 5 млрд 150 млн долларды (436 млрд 587 млн сом) түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын