Президент: консолидацияланган бюджеттин көрсөткүчү кийинки жылы 500 млрд сомдон жогору болот

Президент: консолидацияланган бюджеттин көрсөткүчү кийинки жылы 500 млрд сомдон жогору болот

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында кечээ, 28-декабрда, өлкөнүн министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өттү.

Жыйында кириш сөз сүйлөгөн президент 2022-жылдын январь–ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча КРнын ИДПсы 781.4 млрд сомду түзүп, 7%га өсүш камсыздалганын билдирди.

“Финансы министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, консолидацияланган бюджеттин көрсөткүчүн 400 млрд сомдон ашырып жаап жатабыз. Кийинки жылы болсо, билесиздер, 500 млрд сомдон жогору болот деген амбициялуу максат койгонбуз.

2022-жылы мамлекеттик инвестициялык каражаттардын өздөштүрүлүшү 32.2 млрд сомду, же алгач бекитилген бюджеттин 90.3 пайызды, такталган бюджеттке салыштырмалуу 95.7%ды түздү. Бул көрсөткүч акыркы 8 жылдагы мамлекеттик инвестициялардын аткарылышындагы эң жогорку көрсөткүчү катары катталууда. Өткөн жылдарга салыштырсак, 2013-2021-жылдарда мамлекеттик инвестициялардын өздөштүрүлүшү орто эсеп менен бекитилген бюджеттин 68%ын гана түзчү.

Он жылдын ичинде мамлекеттик инвестициялардын номиналдык көлөмү эки эсеге көбөйдү — 2013-жылдагы 17.4 млрд сомдон 2022-жылы 32.2 млрд сомго чейин, же болжолдонгон 2022-жылдын ИДПнын 4%ын, 2022-жылдагы республикалык бюджеттин чыгашаларынын 17.2%ын түздү”, – деди ал.

Ошондой эле ал 2022-жылы бүткүл портфелдин деңгээлинде жакшы көрсөткүчтөр байкалуусуна карабастан, бир катар долбоорлордун ишке ашырылуусу басаңдап, артта калып жатканын да кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда QR төлөм жүгүртүүсү бир жылда 10 эсеге көбөйгөн

Кыргызстанда QR төлөм жүгүртүүсү бир жылда 10 эсеге көбөйгөн

Кыргызстанда QR-төлөмдөрдүн жүгүртүүсү рекорддук көрсөткүчкө жеткенин Улуттук банк билдирди. Жөнгө салуучунун маалыматына ылайык, 2025-жылы соода жана тейлөө ишканаларында 114,1 миң QR-код орнотулган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 95,3%га көп. Негизги оператор аркылуу бир жыл ичинде 908,6 млрд сом суммасында 525,1 млн транзакция жүргүзүлгөн. 2024-жылга салыштырмалуу операциялардын саны

Акыркы 5 жылда бюджет мүмкүнчүлүктөрү 3,5 эсеге кеңейди

Акыркы 5 жылда бюджет мүмкүнчүлүктөрү 3,5 эсеге кеңейди

2021-2025-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын консолидацияланган бюджетинин ресурстары туруктуу өсүштү көрсөттү. Тактап айтканда, көрсөткүчтөр 313,1 млрд сомдон 1 101,4 млрд сомго чейин көбөйүп, беш жыл ичинде 3,5 эсеге өстү. Бул фискалдык саясаттын натыйжалуулугун жана мамлекеттик киреше булактарынын олуттуу кеңейгенин тастыктайт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматтарга ылайык, мамлекеттик

АКШ   Бириккен улуттар уюмуна дээрлик 4 млрд доллар карыз

АКШ Бириккен улуттар уюмуна дээрлик 4 млрд доллар карыз

БУУ Американын дээрлик 4 млрд доллар карызынын канча бөлүгүн Трамптын администрациясы төлөй турганын жана ал качан берилерин тактоону күтүп жатканын билдирди деп маалымдайт Kazinform. Өткөн жумада БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш уюмдун финансылык эрежелери өзгөртүлбөсө же 193 мүчө мамлекет өз мүчөлүк акыларын төлөбөсө, БУУ жакын арада финансылык кризиске кабыларын эскертти.

Өлкө аймагында жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө

Өлкө аймагында жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, унаа жолдорунда тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. “Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жана жол тазалоо жумуштары аткарылууда. 2026-жылдын 11-февралы, саат 17:00гө карата айрым ашууларда бороон болуп,