«Газпром Кыргызстан»: ким кимге канча карыз?

«Газпром Кыргызстан»: ким кимге канча карыз?

Бүгүн, 1-февралда «Газпром Кыргызстан» компаниясынын жетекчисинин экономика жана каржы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров маалымат жыйынында ишкананын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү, эмнеге газ менен камсыз кылуу толук бүтпөй жаткандыгы, өзүн өзү актабаган тарифтери тууралуу маалымат берди.

Эске салсак, «Кыргызгазды» Кыргызстан 2013-жылы Россияга символикалык түрдө 1 долларга сатып жиберген. Натыйжада, келишимге ылайык, «Газпром» Кыргызстанды газ менен камсыздоо, газ түтүктөрүн оңдоо сыяктуу бир катар милдеттенмелерди мойнуна алган.

«Газпром Кыргызстан» «Кыргызгазды» эмнеге 1 долларга сатып алганын айтты

«Газпром Кыргызстандын» өкүлүнүн айтымында, 1990-жылдан 2013-жылга чейинки мезгилде «Кыргызгаз» ААК иштеп жаткан мезгилде газды керектөө он бир эсеге (же 91.4%га) — 2.4 миллиарддан 207 млн ​​куб метрге чейин кыскарган. Ал эми ошол эле учурда газдын тарифи 2013-жылга карата 2005-жылдан бери дээрлик беш эсеге, 3.1 сомдон 15 сомго чейин (өсүү 385%) жогорулаган.

Алдаяровдун билдиришинче, «Кыргызгаз» иштеген мезгилде бир дагы километр газ түтүгүн тартпай, тогуз айга чейин түштүктө газды өчүрүп турган. 2013-жылга карата компаниянын тышкы карызы 65 млн долларды түзгөн.

«Ошентип 2013-жылы «Кыргызгазды» тышкы инвесторго — «Газпромго» сатуу чечими кабыл алынган. Сатууга чейин аудит жүргүзүлүп, жыйынтыгында «Кыргызгаздын» терс баасы — 65 млн долларга жакын экени аныкталган.

Эл аралык практикага ылайык, соода-сатык бүтүмүн түзүүдө келишимде компаниянын минус наркын белгилөө мүмкүн эмес. Минималдуу оң маани алынып, ал болгону 1 долларды түзгөн», — деди Алдаяров.

Алдаяров ошондой эле компанияны сатып алгандан кийин «Газпром» «Кыргызгаздын» карызын төлөп, бүтүм түзүлгөн күндөн тартып беш жыл ичинде кеминде 20 млрд рубль инвестиция салуу милдетин алганын кошумчалады.

«Тагыраак айтканда, «Кыргызгазды» шарттуу 1 долларга эмес, ушул 65 млн долларга жана кошумча 20 млрд рублга сатып алышкан», — деп жыйынтыктады компаниянын өкүлү.

«Газпром» милдеттенмелерин аткарып жатабы?

Маалымат жыйынында Алдаяров «Газпром Кыргызстан» компаниясы сегиз жылдан бери газдын пайдасыз тарифин кармап келе жаткандыгын айтат.

«Эгерде керектөө тарифи жаратылыш газын сатып алуу жана аны ар бир абоненттин от жагуучу жайына жеткирүү чыгымдарын толук жаап, анын 1 куб метри 19.9 сомдон болсо, анда газдаштыруу темпин бир топ тездете алабыз», — дейт Алдаяров.

Ошондой эле ал «Газпром Кыргызстан» КРнын аймагында жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу жаатында өкмөттөр аралык макулдашуу боюнча бардык милдеттенмелерин аткарып жатканын белгиледи.

КРнын газ системасына 30 млрд сом салган

«Газпром Кыргызстандын» өкүлү Кыргызстандын газ инфраструктурасын модернизациялоого жана реконструкциялоого инвестициянын көлөмү 20 млрд сомго жеткенин, пландалгандан 1.5 эсеге ашып кеткенин айтты.

Ошентип компания жалпысынан Кыргызстандын газ тармагын калыбына келтирүүгө 30 млрд сом жумшалганын билдирди.

Бирок Кыргызстандын бийлиги компанияга кошумча дагы 700 млн сом карыз

Жогорку Кеңештин ушул жылдын январындагы жыйынында Алдаяров Кыргызстандын бийлиги компанияга кошумча 700 млн сом карыз экенин, бул өз кезегинде газдаштырууну кечиктирип жатканын билдирген болчу.

Жыйында депутат Алишер Козуев «Газпром Кыргызстан» компаниясы «Кыргызгазды» 1 долларга алгандан бери кандай иш аткарылганына кызыккан.

Алдаяров компания газификация боюнча генералдык схема иштеп чыкканын, анын мөөнөтү 2030-жылга чейин каралганын билдирген.

«Ошол схемада Кыргызстандын газ менен камсыз болуусун 60%га көтөрөбүз деп каралган. Быйылкы план менен Бишкекте беш жаңы конуш, Чүй облусунда эки калктуу конушка — 6 миң абонентке газ берилет.

Советтер Союзунда курулган 2 миң 800 чакырымга беш жылдын ичинде 1 миң 200 газ түтүктөрүн куруп бердик. Андан тышкары, газ бөлүштүрүүчү станцияларды да куруп бүттүк.

Бирок экономикалык фактор да болуп жатат, ал жагынан биздин тариф өздүк наркынан ылдый коюлган. Пайдасыз тариф менен алты жылдан бери иштеп келе жатабыз. Өкмөт тараптан чоң карыздар да бар, ал карыздар 700 млн сомго жакындап калды. Биздин 1 жылдык инвестициялык программабыз 1 млрд сом, ошонун 700 млн сому карызда турат», — деген «Газпром Кыргызстандын» өкүлү.

Учурда Кыргызстандагы газдаштыруу 38%ды гана түзөт

Мындан тышкары, Алдаяров бүгүнкү күндө Кыргызстанда газдаштыруу 38%ды түзөрүн билдирди. Сегиз жылдын ичинде «Газпром Кыргызстан» 42 турак жай массивдерин газдаштырган, анын 27си Бишкек шаарында, 14ү Чүй облусунда жана бирөө Ош шаарында.

Жогоруда айтылгандай компания өлкөнүн газификация деңгээлин 60%га көтөрүү милдеттенмесин алган жана ал 2030-жылга чейин уланаары күтүлүүдө.

Жакында кайсы аймактарга газ жетет?

«Газпром Кыргызстан» ишканасы Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы 11 жаңы объектиге газ берүүнү пландаштырууда.

Жыйында берилген маалыматка ылайык, төмөнкү турак жай конуштарын газдаштыруу пландаштырылууда:

  • «Кырман» конушу
  • «Ала-Арча» конушу
  • «Бакай-Ата» конушу
  • «Ак-Тилек» конушу
  • «Ак-Тилек 2» конушу
  • «Ак-Тилек турбаза» конушу
  • «Жогорку Көк-Жар» №20 кварталы
  • «Попеновка» №83 кварталы
  • «Товарная» №6 кварталы
  • Селекционное айылы
  • Новопавловка айылы.

Ал эми Бишкекти толук газдаштыруу үчүн 4 млрд 150 млн сом керек. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы 46 турак жай конушунун 27си газдаштырылды. Борбор калаада газдаштыруунун орточо деңгээли 67%ды түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

"Ала-Арча" мамлекеттик паркынын кирешеси 3 жылда 262,7 млн сомго чейин жеткен

"Ала-Арча" мамлекеттик паркынын кирешеси 3 жылда 262,7 млн сомго чейин жеткен

2022–2025-жылдар аралыгында "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркынан түшкөн киреше 65,8 млн сомдон 262,7 млн сомго чейин, башкача айтканда дээрлик төрт эсеге өскөнүн Президенттин иш башкармалыгы маалымдады. Маалыматка ылайык, кирешенин кескин өсүшү санариптештирүү, башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана туристтик инфраструктураны активдүү өнүктүрүү менен байланыштуу. Акыркы жылдары парк аймагында

Жумгалбек Шабданбеков УКМК төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Жумгалбек Шабданбеков УКМК төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалганын мамлекет башчысынын басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлиги УКМКнын төрагасы кызматына дайындоо үчүн макулдашуу максатында Жогорку Кеңешке киргизилет. Жумгалбек Шабданбеков 2020-жылдан бери УКМКнын 9-кызматынын жетекчиси жана төраганын орун басары кызматтарын аркалап келген. Буга чейин президент

Бишкекте 14 кабаттуу турак жай имаратынын курулушу токтотулду

Бишкекте 14 кабаттуу турак жай имаратынын курулушу токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен №61 мектептин жанындагы курулуш иштери убактылуу токтотулуп, курулушка байланыштуу укук берүүчү документтер кайтарылып алынганын Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин социалдык тармактарда №61 мектептин жанында 14 кабаттуу турак жай имараты курулуп жатканы тууралуу жарандардын видео кайрылуусу тараган.

Алкоголсуз суусундуктардын акциз салыгы казынага 2,4 млрд сом киреше алып келген

Алкоголсуз суусундуктардын акциз салыгы казынага 2,4 млрд сом киреше алып келген

2025-жылы алкоголсуз суусундуктарга салынган акцизден республикалык бюджетке 2,4 млрд сом түшкөнү Финансы министрлигинин отчетунда келтирилген. Бул товарлар тобу боюнча акциздик жыйымдардын жыйналышы 2024-жылга салыштырмалуу 58,9%га өскөн. Акциздин ставкасы литрине 3 сомду түзөт жана ТЭИ ТН (ТН ВЭД) 2202 категориясына кирген товарлардан алынат. Бул топко кант же башка