Россия Кыргызстандын бардык складдарын параллелдүү импорт менен толтуруп салды – бош жер калган жок

Быйылкы жазга карата кошуна өлкөлөр аркылуу Россияга параллелдүү импорттун көлөмүнүн өсүшү ЕАЭБдеги мамлекеттердин, дагы кээ бир өлкөлөрдүн дээрлик бардык складдарынын толушуна алып келди. Кыргызстанда, Казакстанда, Тажикстанда, Арменияда жана Грузияда склад катары колдонулган бош кыймылсыз мүлк калбай калган. Бул тууралуу россиялык «Коммерсант» басылмасы жазып чыккан.

Басылма NF Group консалтингдик компаниясынын (мурдагы Knight Frank Russia) маалыматтарына таянат. Ага ылайык, россиялык компаниялар тарабынан коңшу өлкөлөрдө складдарга болгон суроо-талаптарынын саны жаздын башына карата 40-50%га, б.а. дээрлик 400 миң м²ге чейин өскөн. Кыргызстанды алсак, бул жагдай өлкөдөгү бардык складдардын — 46 миң м² аянттын ээленишине алып келген.

NF Group өнөктөшү Константин Фомиченконун айтымында, Арменияда, Грузияда, Казакстанда, Кыргызстанда жана Тажикстанда бош жайлар дээрлик жок, Беларустагы логопарктарына кирген аянты 1.6 млн м² даяр объектилердин 2.8%дан ашпаган бөлүгү гана бош. Өзбекстанда — 207 миң м² дин 4.5%ы гана бош.

Сактоочу жай инфраструктурасынын жетишсиздиги Россияга параллелдүү импорттун андан ары өсүшүн кыйындатат, деп билдирген басылмага логистикалык операторлордун бири.

Россия менен чектеш өлкөлөрдө складдарга болгон негизги суроо-талапты ири чекене сатуучулар, анын ичинде электрондук коммерция жана логистикалык операторлор пайда кылат, деп белгилейт NF Group.

Муну акыркы убакта ири онлайн соода аянтчаларынын аймактык рынокко чыгуулары далилдейт. Ошентип, быйылкы жылдын январь айында «Интернет решения» компаниясы (Ozon бренди менен иш алып барат) Бишкекте сорттоо борборун ачты. Ал эми Wildberries компаниясы Алматыга жакын жерде логистикалык борбордун курулушуна 100 млн доллар жумшай турганын билдирген.

Эксперттер жана логистикалык тармактын өкүлдөрү «Коммерсант» басылмасына комментарий берип жатып, алар Борбор Азияда складдарды курууга россиялык компаниялардын каражаттары салынышы мүмкүн экенин айтышты. Бир гана маселе, аймактын өлкөлөрү складдарга болгон мынчалык шашылыш суроо-талапка да, бул секторго тез арада түшүшү мүмкүн инвестицияларга да даяр эмес. Борбордук Азияда логистикалык борборлорду куруу үчүн даяр жерлер аз экени белгилүү болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун