Кыргызстан Евразия өнүктүрүү банкындагы Россиянын үлүшүн $64 млн сатып алат
Жогорку Кеңештин депутаттары Евразия өнүктүрүү банкынын уставдык капиталындагы Россиянын үлүшүн сатып алуу боюнча мыйзам колдошту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Такталгандай, КР Россиянын 100%дык үлүшүн 2027-жылдын 2-сентябрына чейин сатып алат. Үлүштүн көлөмү $64 млн түзөт.