Депутаттар депозиттер боюнча компенсациянын көлөмүн 1 млн сомго чейин көбөйтүүнү колдооду
Жогорку Кеңештин жыйынында «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндөгү» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Министрлер кабинети тарабынан демиленген бул мыйзам долбоору банкроттук жагдайларга байланыштуу коммерциялык банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-кредиттик компанияларынын аманатчыларынын депозиттери боюнча компенсациянын көлөмүн 200 миң сомдон 1 млн сомго чейин көбөйтүүгө багытталган.
Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, үчүнчү окууда кабыл алынды.