Кыргыз сомуна 30 жыл толду
10-майда Кыргызстанда улуттук валютанын 30 жылдыгы жана Банк кызматкерлеринин күнү белгиленип жатат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Улуттук банк 1993-жылдын 10-майында улуттук валюта – кыргыз сомун жүгүртүүгө киргизген. Ошондой эле бул күн банк тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленип келет.