Кумтөр I-кварталда бюджетти дээрлик 3 млрд сомго толуктады
Үстүбүздөгү жылдын I-кварталында Кумтөрдөн бюджетке 2.9 млрд сомдон ашык каражат которулган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Которулган каражаттардын басымдуу бөлүгү – 2.8 млрд сом – алтын өндүрүүчү компаниянын дүң кирешесине салык. Ошондой эле, Кумтөр Кыргызстандын минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүүгө 132 млн сомдон ашык салым кошкон.
Эске салсак, ушул эле мезгилде алтын өндүрүүчү компаниялардын кирешесине салыктын жалпы суммасы 2 млрд сомдон бир аз ашты.
Кошумчалай кетсек, өткөн жылы «Кумтөр Голд Компани» (КГК) Кыргызстандын бюджетине 32.1 млрд сом салыктарды, Социалдык фондго чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү которгон.