Жетим-Тоону 100% өзүбүз иштетебиз – президенттин маалыматтык саясат бөлүмү
Кыргызстан Жетим-Тоону 100% өзү иштетет. Бир пайызы дагы башка мамлекетке берилбейт. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасында жазып чыкты.
Анын айтымында, кенди иштете турган каржы дагы аныкталган, мамлекет темир завод куруп, жумушчулардын курамы дагы жергиликтүү элден алынат.
«Бир дагы чет өлкөлүк компания кирбейт. Жетим-Тоо кени, Кумтөрдөн дагы көп киреше алып келе турган долбоор. Учурда изилдөө иштери жүрүп жатат, бүтсө казуу иштери башталат», - деди Орунбеков.