2023-жылдын I-кварталында КРнын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү $2.7 млрд түздү
КРнын товарлар менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-мартында $2.7 млрд түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Такталгандай, 2022-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 25.4%га көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 15.6%га, ал эми импорттук келип түшүүлөр 27.4%га көбөйдү.