Фермерлерге 37 млн евро өлчөмүндөгү узак мөөнөттүү насыялар берилет

Фермерлерге 37 млн евро өлчөмүндөгү узак мөөнөттүү насыялар берилет

Фермерлерге жана бизнеске улуттук валютада узак мөөнөттүү айыл чарба инвестициялык кредиттерин алууга мүмкүн пайда болду. Каржылоо «Агрофинансылоонун кошумча нарк чынжырлары, 2-фаза» долбоорун алкагында ишке ашырылат. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Такталгандай, Немис өнүктүрүү банкы (KFW) Кыргызстанга 10 млн евро өлчөмүндө грант берет. Мындан тышкары, Европа өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) 22 млн евро өлчөмүндө кредиттик линия бөлөт.

5 млн евро Борбор Азия үчүн Инвестициялык фондунан (учурда APIF - Азия-Тынч океан инвестициялык фонду деп аталат), агрардык-финансы секторун колдоого, фермерлерге жана агробизнестерге жабдууларды жаңыртуу жана заманбап технологияларды колдонууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн Европа Биримдиги (ЕБ) тарабынан каржыланат.

Мындан тышкары окуңуз

Бакыт Төрөбаев президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Бакыт Төрөбаев президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Бакыт Төрөбаев президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалганын 18-мартта мамлекет башчынын администрациясы билдирди. 24-февралда Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматынан алынган болчу. Мунун алдында Төрөбаевдин тууганы менен сүйлөшкөнү жазылган аудио тараган. Ал аудиодогу сүйлөшкөндөр өзү менен бир

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Өлкөдө оор жүк ташуучу унааларга каршы жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында жүздөгөн мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан өлкө аймагында жүк ташуучу автоунааларга карата бир айлык рейддик иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара 19-февралдан 13-мартка чейин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте

Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп  берилди

Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп берилди

Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) системасы, анын алкагында төлөнүп жаткан каражаттар жана аймактардагы сандык көрсөткүчтөр тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Закир Айдаралиев маалымат берди. Анын айтымында, 2026-жылдын башынан 13-мартка чейин 28 миңге жакын айдоочу унаасын камсыздандырып, ОСАГО полисин алган. Бул 1,56%ды

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Күн мурун Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Ага тармактагы ассоциациялар жана бир катар ири мунай компанияларынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Жолугушууда калкты күйүүчү-майлоочу материалдар менен туруктуу камсыз кылуу жана бааларды көзөмөлдөө маселелери талкууланды. Нефтетрейдерлердин маалыматына ылайык, учурда