Улуттук банк интервенция өткөрдү – $62 млн ашык сатылды
24-майда Кыргызстандын Улуттук банкы валюталык интервенция жасап $62.2 млн сатты. Бул тууралуу КРУБнун расмий сайтында маалымдалды.
Бул Улуттук банктын быйылкы тогузунчу интервенциясы болду кошумчалайбыз. Акыркы жолу КРУБ рынокко 19-апрелде чыгып, дээрлик $41 млн саткан, жалпысынан 2023-жылы Улуттук банк валюта рыногунда $456.64 млн саткан.
Өткөн жылы Улуттук банк валюта рыногуна 15 жолу интервенция менен чыккан. Анын ичинен сегизи жалпысынан $486.5 млн чет элдик валютаны сатууга жана жети интервенцияга $190.7 млн сатып алууга багытталган.