Парламентте КРнын бардык жерлеринде машина-трактор станцияларын ачууну сунушталды
25-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу маалымат кызмат кабарлады.
Такталгандай, депутат Мейкинбек Абдалиев да дыйкандарды колдоо маселелерине көңүл буруп, жыл өткөн сайын техника, күйүүчү май жана башка товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн кымбатташынан улам айыл чарбасы менен алектенүү кыйындап баратканын белгиледи. Ушуга байланыштуу ал бардык жерледре машина-трактор станцияларын (МТС) ачууну сунуш кылды.
Ал эми эл өкүлү Кундузбек Сулайманов жайыттарды өнүктүрүү үчүн алынган кредиттик каражаттарды эффективдүү пайдалануу маанилүүлүгүнө көңүл буруп, жооптуу органдардын ишмердүүлүгүн текшерүүнү сунуштады.
Өз кезегинде депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Баткен районундагы үйлөрдү жана объектилерди калыбына келтирүү боюнча иштерди аткарып жаткан 30га жакын курулуш ишканалардын кайрылуу тууралуу маалымдап, тиешелүү органдарды башкы подрядчик аларга акча төлөбөй жатат деген жүйөлөрүн текшерүү керектегин кошумчалады.