Күйүүчү-майлоочу майлардын сөзсүз кымбаттайт - Нефтетрейдерлер ассоциациясы

Күйүүчү-майлоочу майлардын сөзсүз кымбаттайт - Нефтетрейдерлер ассоциациясы

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташы этап-этабы менен сөзсүз түрдө болот. Бул тууралуу Economist.kg берген комментарийинде Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов айтып берди.

Анын айтымында, буга Россияда күйүүчү-майлоочу майдын дүң баасынын өсүп жатканы себеп болууда.

«Учурда биздин соодагерлерде белгилүү өлчөмдөгү запастар бар болгондуктан баалар аздыр-көптүр кармалып турат. Бирок бул көлөм түгөнгөндө сөзсүз түрдө баалар акырындап көтөрүлө баштайт», - деди Эшатов.

Ал кошумчалагандай, күйүүчү май компаниялары да баанын кескин көтөрүлүшүн тегиздөө саясатын карманууга аракет кылып жатышат. Кымбат көлөмдөр келгенде, орточо салмактанып алынган баа көрсөтүлөт, ошондуктан баанын өсүшү, адатта, акырындык менен болот.

Мындан тышкары окуңуз

Аймактарды өнүктүрүү фонддору 10 айда 164 экономикалык долбоорду каржылады

Аймактарды өнүктүрүү фонддору 10 айда 164 экономикалык долбоорду каржылады

Региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттары республиканын аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоого багытталат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Фонддордун бюджети негизинен тоо-кен казуу компанияларынын чегерүүлөрү жана жер казынасын пайдаланууга лицензиялардын эсебинен түзүлүп, облустук жана райондук деңгээлде иш алып барат. Каржылоо чакан жана орто бизнести колдоо, инфраструктураны өнүктүрүү, жумуш менен

"Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу 21 күндө 46 713 адам насыя алууга өзүнө өзү тыюу салды

"Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу 21 күндө 46 713 адам насыя алууга өзүнө өзү тыюу салды

2025-жылдын 1-ноябрынан 21-ноябрына чейинки аралыкта 46 713 адам "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу насыяга алууга өзүнө өзү тыюу салганын Улуттук банк жарыялады. Мурда да түшүндүрмө бергенибиздей, "Өзүнө-өзү тыюу салуу" – бул жаран үчүн каржы-кредиттик уюмдарда анын атына насыя жана займдарды жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн алдын ала өз ыктыяры менен чектөөчү

Кытай товарлары эмнеге Германияга көп импорттоло баштады?

Кытай товарлары эмнеге Германияга көп импорттоло баштады?

Былтыр АКШ 2016-жылдан 2023-жылга чейин Германиянын негизги соода өнөктөшү болгон Кытайды сүрүп чыгарган. Бирок январь айынан тарта Дональд Трамптын тарифтик саясатынан улам АКШга немец товарларынын экспорту азайган.  Кытай менен болгон соодалык согуштан улам Кытай компаниялары товарларынын көбүн немис рыногуна былтыркы жылдагы баадан төмөнүрөөк баа менен жөнөтүп жатышат. Немистик экономика институтунун

Кыргызстан ЭВФ менен экономикалык өсүүнү жана инвестицияларды талкуулады

Кыргызстан ЭВФ менен экономикалык өсүүнү жана инвестицияларды талкуулады

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча департаментинин директорунун орун басары Субир Лалл менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди. Сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандагы учурдагы макроэкономикалык абал, ЭВФтин кыска мөөнөттүү миссиясынын жыйынтыктары жана туруктуу экономикалык өсүштү колдоого багытталган