Минкаб кытайлык ТВЕА менен энергетика тармагындагы кызматташууну талкуулады
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (Кытай Эл Республикасы) болгон иш сапарынын алкагында бир катар өндүрүш ишканаларынын иши менен таанышты. Бул тууралуу минкаб маалымат кызматы билдирди.
Такталгандай, минкаб өкүлдөрү ТВЕА компаниясы менен жолугуп, энергетика тармагындагы кызматташуу маселелерин сүйлөштү. Жолугушуунун жүрүшүндө, компаниянын лабораториясын жана заводдун ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.
Ошондой эле, Төрөбаев YEMA GROUP., LTD компаниясынын, JIUSHENGHE HOLDING GROUP CO.LTD холдингдик компаниясынын жетекчилери менен жолукту.
Жыйынтыгында КРнын Айыл чарба министрлиги менен JIUSHENGHE HOLDING GROUP CO.LTD ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу боюнча мемерондумга кол коюу тууралуу макулдашууга жетишилди.
Мындан тышкары, Xinjiang Huadian электроэнергетикалык компаниясынын жетекчиси Хань Сон менен жолугуп Кыргызстандын аймагында күн жана шамал электр станцияларын куруу жана Кыргызстандан СУАРдын түштүк тарабына жаңы курулуп жаткан ЖЭБге көмүр жеткирүү макулдашылды.


