2023-жылдын I-чейрегинде Кумтөрдө 2.5 тонна алтын өндүрүлгөн

2023-жылдын I-чейрегинде Кумтөрдө 2.5 тонна алтын өндүрүлгөн

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК 2023-жылдын I-чейрегинде 80 511 унция же 2 504 кг алтын өндүргөн. Маалымат ишкананын отчетунда көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын I-чейрегинде мурда казылып алынган кампалардагы рудалардын запастарын кайра иштетүүнү эске алуу менен алтын өндүрүү 80 511 унцияны же 2 504 кг түздү. Ал эми 2022-жылдын ушул эле мезгилинде 66 474 унция же 2 068 кг алтын өндүрүлгөн.

Көлөмдүн өсүшү – биринчи кезекте фабрикага жиберилген рудадагы алтындын курамынын жогору болушу, ошондой эле рудадан металлды алуу коэффициентинин жогорулашына байланыштуу болду.

2023-жылдын биринчи чейрегинде фабрикага алтындын ар кандай курамы бар кампалардан берилген рудадагы алтындын орточо курамы тоннасына 2.34 граммды, рудадан алтынды ылгап алуу коэффициенти 72.11% түздү.  2022-жылдын биринчи чейрегиндеги бул көрсөткүчтөр тоннасына 2.27 граммды жана 67.46% түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Өлкөдө оор жүк ташуучу унааларга каршы жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында жүздөгөн мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан өлкө аймагында жүк ташуучу автоунааларга карата бир айлык рейддик иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара 19-февралдан 13-мартка чейин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте

Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп  берилди

Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп берилди

Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) системасы, анын алкагында төлөнүп жаткан каражаттар жана аймактардагы сандык көрсөткүчтөр тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Закир Айдаралиев маалымат берди. Анын айтымында, 2026-жылдын башынан 13-мартка чейин 28 миңге жакын айдоочу унаасын камсыздандырып, ОСАГО полисин алган. Бул 1,56%ды

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Күн мурун Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Ага тармактагы ассоциациялар жана бир катар ири мунай компанияларынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Жолугушууда калкты күйүүчү-майлоочу материалдар менен туруктуу камсыз кылуу жана бааларды көзөмөлдөө маселелери талкууланды. Нефтетрейдерлердин маалыматына ылайык, учурда

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек шаарында үлүштүк курулуштун катышуучулары үчүн техпаспортторду тариздөө жана келишимдерди каттоо боюнча убактылуу эрежелер киргизилерин шаар мэриясы билдирди. 2026-жылдын 12-мартындагы тескеме муниципалдык жер тилкелеринде курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү үлүшчүлөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Документ Кыргыз Республикасынын президентинин турак жайга болгон укуктарды каттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында кабыл алынган.