Кумтөр бюджетти $48.1 млн толуктады
2023-жылдын I-чейрегинде «Кумтөр Голд Компани» ЖАКнын Соцфондго болгон чегерүү жана башка милдеттүү төлөмдөр $48.1 млн түздү. Маалымат ишкананын отчетунда көрсөтүлгөн.
Ишкана белгилегендей, КРнын аймагындагы төлөмдөр (анын ичинде: салыктар, аффинаж, инфраструктура, жергиликтүү жеткирүүчүлөргө товар жана кызмат көрсөтүү үчүн болгон төлөмдөр, кайрымдуулук ж.б.) $91.7 млн ашты.
Эске салсак, 2023-жылдын I-чейрегинде алтын өндүрүү 2 504 кг түздү. Анын ичинен 2 400 кг алтыны сатылып $146.7 млн пайда алып келген.