Улуттук банктын алтын куймалары фондулук биржада сатыла баштайт
КР Улуттук банкы Кыргыз фондулук биржасы менен алтын куймаларды сатууну баштады. Бул тууралуу мекеме расмий сайтында маалымдады.
Маалыматка ылайык,алтын куймалар «Кыргызалтын» тарабынан даярдалган. Алардын салмагы 10.9 кг 13.4 кг чейин.
Аффинаждалган алтын куймаларын сатууга катышуу жана сатып алуу шарттары боюнча кеңири маалымат «КФБ» ЖАКтын расмий интернет-сайтында жайгаштырылган.