Кыргызстанда расмий түрдө 23 миңге жакын чет элдик жаран иштейт

Кыргызстанда расмий түрдө 23 миңге жакын чет элдик жаран иштейт

Кыргызстанда расмий түрдө иштеп жаткан чет элдиктердин саны учурда 22 800 адамды түзөт. Маалыматты Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы 11 миң чет элдик жаран Кыргызстанда иштөөгө уруксат алган. Ошол эле учурда республикада жыл сайын эмгек визасына 16 миң квота бөлүнөт.

Ошондой эле, 2023-жылдын I-кварталынын жыйынтыгы боюнча 1286 чет элдик санариптик көчмөндөрдүн статусуна ээ болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика министрлигинде коррупциянын алдын алуу чаралары талкууланды

Экономика министрлигинде коррупциянын алдын алуу чаралары талкууланды

Экономика жана коммерция министрлигинин Пресс-борборунда мамлекеттик сектордогу коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуунун натыйжалуу механизмдерин талкуулаган “Коррупцияга каршы саясат” семинары болуп өттү. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, семинарды министрликтин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Назгүл Сыдыгалиева өткөрдү. Иш-чаранын максаты — мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашырууда адистердин

Кыргызстандагы микрофинансылык уюмдардын активдери 72,1 млрд сомго жетти

Кыргызстандагы микрофинансылык уюмдардын активдери 72,1 млрд сомго жетти

Кыргызстандын микрофинансылык секторунда 9 айдын ичинде байкаларлык өсүүлөр болгонун Улуттук банк  маалымдады.  Өсүүлөрдүн башкы көрсөтүчтөрү: * МФУлардын жалпы активи 71,2 миллиард сомго жетип – жыл башынан берки өсүү 12,4 миллиарда сомду түзгөн (21%); * МФУлардын кредиттик портфели 57,6 миллиард сомго жетип, 9,6 миллиард сомго өскөн, (20%); * МФУ депозиттик баасынын

2026-жылдын 1–7-январы Кыргызстанда эс алуу күндөрү болот

2026-жылдын 1–7-январы Кыргызстанда эс алуу күндөрү болот

2026-жылдын 1-январынан баштап 7-январга чейин (кошо алганда) Кыргызстанда эс алуу күндөрү болот. Анткени бул күндөр жумуш эмес майрамдык күндөр – Жаңы жылдык каникулдар жана "Ыйса Пайгамбардын туулган күнү" (православное рождество) майрамы. Кимде ким бул күндөрү ишке тартыла турган болсо, анын эмгек акысы эки эселенген өлчөмдө төлөнүшү керектелет.  Мындай маалыматты

Спирт агенттиги жана "Кара-Балта спирт заводунда" ири аудиттик кемчиликтер аныкталды

Спирт агенттиги жана "Кара-Балта спирт заводунда" ири аудиттик кемчиликтер аныкталды

Эсептөө палатасы Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттикке жана “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктарын карады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти. Агенттик боюнча: Аудит натыйжасында мыйзамсыз алынган алкоголдук продукция боюнча эсеп так жүргүзүлбөгөнү, айып санкцияларын өндүрүүдө кечигүүлөр болгондугу, 2023-жылга мамлекеттик сатып алуулар планы бекитилбегени