«Альянс Алтын» Кыргызстандын бюджетин 11 млрд сомдон ашык толуктады
Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы 2023-жылдын апрелине карата республикалык жана жергиликтүү бюджетке 11 млрд 167 млн сом салык төлөдү, анын ичинен 7.5 млрд сом алтынды сатуудан түшкөн каражаттар. Бул тууралуу компаниянын каржылык отчетунда айтылат.
«Альянс Алтын» ишканасы Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүү үчүн 792.6 млн сом төлөп берди, анын ичинде:
• Талас облусун өнүктүрүү фонду (50%) – 396.3 млн сом;
• Талас районунун өнүктүрүү фонду (30%) – 237.8 млн сом;
• Бекмолдоев айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фонду (20%) – 158.5 млн.