Сүт секторунун 774 фермер жеңилдетилген насыя алды

Сүт секторунун 774 фермер жеңилдетилген насыя алды

Кыргызстанда 774 жеңилдетилген насыя алды. Кредиттер «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорунун алкагында берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

Такталгандай, толук суммасы $1.16 млн каржыланды. Ошондой эле, Дүйнөлүк банктын миссиясынын алкагында Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарына долбоордун аткарылышы боюнча иш-чара уюштурулду.

Сапардын жүрүшүндө ар бир региондо сүт өндүрүүчүлөрдүн карыз алуучу топторуна баруулар уюштурулду.

Бардык аймактарда фермерлер өздөрүнүн жетишкендиктери, айландыруу фондунун алкагында сатылып алынган уйлар көрсөтүлүп, алган билим жана көндүмдөрү тууралуу жыйынтыктары менен бөлүшүштү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Күн мурун Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Ага тармактагы ассоциациялар жана бир катар ири мунай компанияларынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Жолугушууда калкты күйүүчү-майлоочу материалдар менен туруктуу камсыз кылуу жана бааларды көзөмөлдөө маселелери талкууланды. Нефтетрейдерлердин маалыматына ылайык, учурда

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек шаарында үлүштүк курулуштун катышуучулары үчүн техпаспортторду тариздөө жана келишимдерди каттоо боюнча убактылуу эрежелер киргизилерин шаар мэриясы билдирди. 2026-жылдын 12-мартындагы тескеме муниципалдык жер тилкелеринде курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү үлүшчүлөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Документ Кыргыз Республикасынын президентинин турак жайга болгон укуктарды каттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында кабыл алынган.

Binance Кыргызстанда криптовалюта менен төлөм жүргүзүүнү өнүктүрүү үчүн BAKAI экосистемасы менен өнөктөштүк түзгөнүн жарыялады

Binance Кыргызстанда криптовалюта менен төлөм жүргүзүүнү өнүктүрүү үчүн BAKAI экосистемасы менен өнөктөштүк түзгөнүн жарыялады

Binance — дүйнөдөгү алдыңкы глобалдык блокчейн экосистемаларынын бири жана соода көлөмү боюнча эң ири криптовалюта биржасы болуп саналат. BAKAI экосистемасы Binance Pay менен BAKAI’га негизделген жаңы чечимди ишке киргизгенин жарыялады. Бул чечим өлкөнүн каалаган жеринде криптовалюта аркылуу товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жаңы мүмкүнчүлүк Binance Pay инфраструктурасын

Э.Акунбеков: Эттин баасын турукташтыруу үчүн эт кластери түзүлөт

Э.Акунбеков: Эттин баасын турукташтыруу үчүн эт кластери түзүлөт

Кыргызстанда эт өндүрүшүн көбөйтүү жана бааны турукташтыруу максатында эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков өлкөдө азык-түлүк бааларын турукташтыруу, айрыкча эттин баасын жөнгө салуу боюнча