Акылбек Жапаров Бишкектеги кароосуз калган заводдорду талкаланган Бахмут менен салыштырды

Акылбек Жапаров Бишкектеги кароосуз калган заводдорду талкаланган Бахмут менен салыштырды

Президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Бишкек машина куруучу заводу» (БМЗ) Ачык акционердик коомуна жана «Бишкек штамптоочу заводу» (БШЗ) ишканаларына барып ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мамлекет башчысы заводдордун өндүрүш аймактарын, токтоп турган цехтерди жана ишканалардын объектилерин көрүп чыкты.

Акылбек Жапаров ишканаларды текшерүүнүн алкагында объектилердин абалы кейиштүү экенин айтып, Бахмут шаары менен салыштырды(Украинанын Донецк облусундагы согушуудан талкаланган шаар – ред. эскертүү,) билдирди.

Андан ары Акылбек Жапаров президентке аталган объектилердин кубаттуулуктарын жакшыртуу жана жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан жана пландаштырылган иштер тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, бул жерде жаңы өндүрүш аянттарын, технопарк сыяктуу ири объектилерди ачуу үчүн чет элдик инвестицияны тартуу керектигин айтты.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров министрлер кабинетине инвестиция тартууну, токтоп турган ишканаларды кайра ишке киргизүү үчүн жагымдуу инвестициялык климатты түзүүнү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Өлкөдө оор жүк ташуучу унааларга каршы жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында жүздөгөн мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан өлкө аймагында жүк ташуучу автоунааларга карата бир айлык рейддик иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара 19-февралдан 13-мартка чейин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте

Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп  берилди

Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп берилди

Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) системасы, анын алкагында төлөнүп жаткан каражаттар жана аймактардагы сандык көрсөткүчтөр тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Закир Айдаралиев маалымат берди. Анын айтымында, 2026-жылдын башынан 13-мартка чейин 28 миңге жакын айдоочу унаасын камсыздандырып, ОСАГО полисин алган. Бул 1,56%ды

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Күн мурун Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Ага тармактагы ассоциациялар жана бир катар ири мунай компанияларынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Жолугушууда калкты күйүүчү-майлоочу материалдар менен туруктуу камсыз кылуу жана бааларды көзөмөлдөө маселелери талкууланды. Нефтетрейдерлердин маалыматына ылайык, учурда

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек шаарында үлүштүк курулуштун катышуучулары үчүн техпаспортторду тариздөө жана келишимдерди каттоо боюнча убактылуу эрежелер киргизилерин шаар мэриясы билдирди. 2026-жылдын 12-мартындагы тескеме муниципалдык жер тилкелеринде курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү үлүшчүлөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Документ Кыргыз Республикасынын президентинин турак жайга болгон укуктарды каттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында кабыл алынган.