Кыргызстан менен Казакстан биргелешкен СЛК комплексин түзүү макулдашылды
2023-жылдын 26-майында КРнын Экономика жана коммерция министрлиги менен Казакстандын делегациясы жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Тараптар КРнын министрлер кабинети менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосундагы жакынкы арада кол коюу пландалып жаткан «Тилек» жана «Карасу» автожол аймагында өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү жана ишин жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулап макулдашышты.
Биргелешкен кыргыз-казак өнөр жай-логистикалык комплексин түзүү экспортко багытталган экономикалык жактан натыйжалуу долбоорлорду ишке ашырууга жана экономиканын айрым секторлорунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, анын ичинде өндүрүштү жана сатууну башкаруунун алдыңкы технологияларын колдонуунун эсебинен жогорулатууга мүмкүндүк берет.