Кыргызстан менен Индия эки тараптуу кызматташтыгынын талкуулашты

Кыргызстан менен Индия эки тараптуу кызматташтыгынын талкуулашты

2023-жылдын 30-майында Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Индия Республикасынын Соода жана өнөр жай министри Пиюш Гоял мырзанын ортосунда видеоконференция болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Тараптар эки тараптуу кыргыз-индия кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулап, акыркы жылдары өкмөттөр аралык деңгээлде да, эки өлкөнүн бизнес түзүмдөрү аркылуу да маанилүү иш-чаралар ийгиликтүү өткөнүн белгилешти.

Тараптар өз ара сооданы өнүктүрүүнүн динамикалык темптерин белгилешти, анын өнүгүшү үчүн потенциалы бар. Буга байланыштуу Тараптар электрондук коммерция, зергерчилик, товарлардын транзити жана аны илгерилетүү, жүктөрдү ташуу чыгымдарын азайтуу, ошондой эле ШКУ алкагында өз ара аракеттенүүнүн перспективалары жаатында кызматташууну өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Тараптар ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу сыяктуу стратегиялык долбоор боюнча Кытайда жетишилген макулдашууну талкуулашты, ал аймакты транспорттук туңгуюктан чыгарат жана Азиядан Европага жүк ташуу географиясын кеңейтет.

Министрлердин диалогу конструктивдүү маанайда, өз ара түшүнүшүү жана өз ара колдоо рухунда өттү.

Мындан тышкары окуңуз

Нарын шаарында мыйзамсыз курулуш объектилери аныкталды

Нарын шаарында мыйзамсыз курулуш объектилери аныкталды

Нарын шаарында жүргүзүлгөн рейддик текшерүүнүн жыйынтыгында уруксат документтери жок курулуш объектилери аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, өлкөдө курулуш объектилеринин мыйзамдуулугун жана сапатын көзөмөлдөө боюнча рейддер уланууда. Анын алкагында Нарын шаарында

Таймурас Ташиев: "Кыргызнефтегаз" боюнча маалыматтар толугу менен калп

Таймурас Ташиев: "Кыргызнефтегаз" боюнча маалыматтар толугу менен калп

Тай-Мурас Ташиев Салык кызматы тарабынан таратылып жаткан маалыматтарга байланыштуу түшүндүрмө берип, "Мока Групп" компаниясына карата айтылган дооматтарды четке какты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, ачык маалыматтарга ылайык, "Кыргыз Петролеум Компани" ("Кыргызнефтегаз") 2021-2025-жылдар аралыгында жалпысынан 357,9 миң тонна дизелдик

КРнын Улуттук банкынын төрагасы менен Финансы министри ээлеген кызмат ордуларын бошотушат

КРнын Улуттук банкынын төрагасы менен Финансы министри ээлеген кызмат ордуларын бошотушат

КРнын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев жана КРнын Финансы министри Алмаз Бакетаев ээлеген кызмат ордуларын бошотушат. Алдын ала маалымат боюнча Алмаз Бакетаев Улуттук банктын жаңы төрагасы болуп дайындалышы күтүлөт. Бул тууралуу ишенимдүү маалымат булактарынан кабарлашты. “КРнын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамдын 61-беренесине ылайык, Улуттук банктын төрагасын Президенттин сунушу менен Жогорку Кеңеш

ИИМ "Кыргызнефтегаздагы" мыйзамсыз аракеттер боюнча кылмыш ишин козгоду

ИИМ "Кыргызнефтегаздагы" мыйзамсыз аракеттер боюнча кылмыш ишин козгоду

"Кыргызнефтегаз" ААКтын кызмат адамдарына байланыштуу мыйзамсыз аракеттер боюнча иликтөө материалдары жарыяланып, анын негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан даярдалган "Өз адамдар үчүн мунай: Кыргызнефтегазды кантип курутушту" аттуу иликтөөнүн видеоматериалдары жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланды. Аталган