КРнын Улуттук банкынын төрагасы менен Финансы министри ээлеген кызмат ордуларын бошотушат

КРнын Улуттук банкынын төрагасы менен Финансы министри ээлеген кызмат ордуларын бошотушат

КРнын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев жана КРнын Финансы министри Алмаз Бакетаев ээлеген кызмат ордуларын бошотушат. Алдын ала маалымат боюнча Алмаз Бакетаев Улуттук банктын жаңы төрагасы болуп дайындалышы күтүлөт. Бул тууралуу ишенимдүү маалымат булактарынан кабарлашты.

“КРнын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамдын 61-беренесине ылайык, Улуттук банктын төрагасын Президенттин сунушу менен Жогорку Кеңеш дайындайт жана кызматтан бошото алат.

Эске салсак, Мелис Тургунбаев КРнын Улуттук банктынын төрагасы болуп 2024-жылдын июнь айынан бери иштеп келген. Ал эми Алмаз Бакетаев 2021-жылдын октябрь айынан тартып КРнын Финансы министрлигин башкарып жаткан.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

13-августта Бишкек шаарынын Ленин районунда Краснодар көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш болду. Жаңыланган тилке Б. Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөн жол тилкесинин узундугу 510 метрди түзөт. Капиталдык оңдоо иштерин “Су-4 Кара-Балта” ЖЧКсы подряддык

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарында 15-августтан 30-августка чейин Б. Осмонов көчөсүнүн Мукумий көчөсүнөн Достук айлампасына чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.  Ош шаардык мэриясы, Б. Осмонов  көчөсүнөн Мукумий, А.Атаканов көчөлөрү аркылуу альтернативдүү жол аркылуу убактылуу каттоону өтүнөт. Ошондой эле Төлөнов көчөсүн оңдоп-түзөөгө байланыштуу Саргалчаев, Абжалов көчөлөрү 15-августтан тарта убактылуу жабылды.

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын –Баетов унаа жолунун 84 – 115-чакырым аралыгында курулуш иштери активдүү улантылууда. “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын маалыматына ылайык, жалпы узундугу 31 чакырымды түзгөн аталган тилкенин бүгүнкү күндө 25 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүп бүттү. Курулуш иштерин №1 Жол куруу башкармалыгы жүргүзүүдө. Учурда жолдун калган бөлүгүндө асфальт

Оштогу Увам каналынын жээгине сейил бак курулууда

Оштогу Увам каналынын жээгине сейил бак курулууда

Ош шаарындагы Увам каналынын жээгинде шаар тургундары үчүн жаңы заманбап коомдук мейкиндик түзүлүүдө. Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, мурда мыйзамсыз курулуштардан бошотулган аймакта жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, эс алуучулар үчүн ыңгайлуу отургучтар коюлду. Ошондой эле автоматтык сугаруу тутуму жана түнкү жарыктандыруу чырактары орнотулду. Жакын арада жаңы сейил бак пайдаланууга берилип, шаар