Акылбек Жапаров Сары-Жаз дарыясына ГЭС курула турган жерди көрүп келди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Сары-Жаз дарыясына ГЭС каскадын куруу» долбоорунун алкагында гидроэлектростанциялар курула турган жерди көрүп келди. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сары-Жаз дарыясына жалпы кубаттуулугу 1100 МВт болгон 6 ГЭСтин каскадын Кытай менен биргеликте куруу пландалууда.
Бул долбоордун максаты, электр энергиясына болгон тартыштыкты азайтуу жана керектөөчүлөрдү энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу болуп саналат.