«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча кайрадан талкуу өттү

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча кайрадан талкуу өттү

КРнын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Кытайдын элчиси Юй Цзюнь менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча өзүнчө талкуу болду. Бул маанилүү инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жаатында тыгыз кызматташуу тууралуу макулдашууга жетишилди.

Тараптар ошондой эле аймактын өлкөлөрүнүн жана элдеринин ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерди жана ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоого кызмат кылган «Борбордук Азия – Кытай» форматындагы мамлекет башчыларынын биринчи Саммитинин жыйынтыктарын канааттануу менен белгилешти.

Элчи М.Жаманбаев Элчи Юй Цзюньду дипломатиялык миссиясынын башталышы менен жылуу куттуктап, бардык пландардын ийгиликтүү ишке ашырылышын каалады.

Мындан тышкары окуңуз

Сак болуңуз! Улуттук банктын атын жамынган алдамчылар элдин ишенимине кирип жатат

Сак болуңуз! Улуттук банктын атын жамынган алдамчылар элдин ишенимине кирип жатат

Улуттук банктын кызматкерлеринин атынан тариздетилген жасалма күбөлүктөрдү көрсөтүп, жарандарды алдоо учурлары уланып жатат. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты. Маалыматка караганда, жасалма документтер кылмышкерлер тарабынан алдамчылык жана жарандарды адаштыруу максатында колдонулуп жатат. Улуттук банк Кызматтык күбөлүктөрдү мессенджерлер аркылуу жөнөтпөйт жана үчүнчү жактар аркылуу акча каражаттарын, жеке маалыматтарды же башка маалыматтарды сурабайт.

С.Жапаров: Мугалимдердин айлык акысы 1-апрелден баштап 40 миң сомго жетет

С.Жапаров: Мугалимдердин айлык акысы 1-апрелден баштап 40 миң сомго жетет

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан бир катар социалдык объектилердин ачылыш аземине катышты. Аянты 10,5 гектарга жакын аймакта билим берүү, тарбиялоо жана ден соолукту чыңдоо боюнча заманбап комплекстин ачылышы болду. Бул комплекстеги 570 окуучуга ылайыкталган 20 заманбап кабинет жана өзүнчө музыкалык блок менен жабдылган эки

Шардари суу сактагычына келүүчү болжолдуу суу көлөмү макулдашылды

Шардари суу сактагычына келүүчү болжолдуу суу көлөмү макулдашылды

Ашхабад шаарында Мамлекеттер аралык координациялык суучарбалык комиссиянын 91-отуруму өткөнүн Казакстандын Суу ресурстары жана ирригация министрлиги жазды.  Отурумга Түркмөнстандын суу чарба мамлекеттик комитетинин төрагасы Дурды Генджиев, Казакстандын суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов, Өзбекстан суу чарба министри Шавкат Хамраев, Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министринин биринчи орун басары Жамшед Шоди

Суу ресурстары, айыл чарба министрлигине 7ге чейин кызматтык автоунаа кармоого уруксат берилди

Суу ресурстары, айыл чарба министрлигине 7ге чейин кызматтык автоунаа кармоого уруксат берилди

МинКаб мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан кызматтык жана нөөмөттүк автоунааларды пайдалануу эрежеси жөнүндө токтомго өзгөртүү киргизди.  Мындай чечим Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ишинин оперативдүүлүгүн жана мобилдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кабыл алынган.  Өзгөртүүлөргө ылайык министрликтин борбордук аппаратында жетиге чейин кызматтык жана нөөмөттүк автоунаа кармоого уруксат берилди.