Парламенттик делегация Ташкенттеги Технопарктын ишмердүүлүгү менен таанышты

Парламенттик делегация Ташкенттеги Технопарктын ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстан Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында Ташкент шаарындагы Технопарктын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Алсак, 104 гектар аймакты ээлеген аталган Технопарк 2019-жылы негизделип, азыркы тапта беш миңден ашуун адам эмгектенет. Өндүрүштүк жайдан үй тиричилик буюмдары жана курулуш материалдары чыгарылып, алар өлкө ичинде жана чет мамлекеттерге сатылат. Тагыраагы, өткөн жылы 400 млн долларына барабар товар өндүрүлүп, анын 100 млн долларына барабар бөлүгү чет өлкөгө экспорттолгон.

Мындан тышкары, Төрага IT парктын да ишмердүүлүгү менен таанышып, андагы мүмкүнчүлүктөрдү көрүп чыкты. Белгилүү болгондой, Өзбекстандагы санариптештирүү жаатындагы долбоорлордун бардыгы аталган IT парктын көмөгү менен ишке ашырылат. Андан тышканы былтыр IT тармагына тиешелүү 300 млн долларлык товар чет өлкөгө чыгарылып, 2030-жылы анын көлөмүн 5 млрд долларга жеткирүү максатталган.

Ишке ашырылып жаткан долбоорлорго жогору баасын берген Төрага Нурланбек Шакиев ааламдашкан доордо IT тармагы өтө маанилүү экенин белгилеп: “Бардык өлкөнүн башкаруу саясаты сөзсүз түрдө санариптештирилип, толугу менен заманбап багытта өнүгүшү кажет. Бул жаатта Кыргызстан менен Өзбекстан да жигердүү кызматташып, санариптештирүү жаатында тажрыйба алмашуусу зарыл”, – деп кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын