Бакыт Төрөбаев Кытайда «Джунда» ишканасынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Бакыт Төрөбаев Кытайда «Джунда» ишканасынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайга болгон жумуш сапарынын алкагында Шэньси көмүр химиялык мамлекеттик корпорациясынын «Джунда» ишканасынын жетекчиси Чжан Вэньци менен сүйлөшүүсү болуп өттү. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай өнөр жай тармагындагы кызматташуусу, Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан «Чайна Петрол Компани Джунда» ЖЧК нефтини кайра иштетүүчү заводун модернизациялоонун экинчи этабын баштоо боюнча маселелер каралды.

Ошондой эле кыргыз делегациясын баштап барган Бакыт Төрөбаев "Шеньсий геологиялык чалгындоо корпорациясы" компаниялар тобунун жетекчилиги менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы геологиялык чалгындоо, тоо-кен тармагындагы ишмердүүлүктү жаңы деңгээлге көтөрүү маселелерин талкуулады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда бүгүнтөн тарта Индиядан жаныбарларды, эт продукцияларын алып кирүүгө тыюу салынды

Кыргызстанда бүгүнтөн тарта Индиядан жаныбарларды, эт продукцияларын алып кирүүгө тыюу салынды

Кыргызстанда 2026-жылдын 28-январынан тартып Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттар жана тоюттар кызматы Индиядан Nipah вирусуна кабылуучу жаныбарларды жана эт продукцияларын алып кирүүгө убактылуу чектөөлөрдү киргизгенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул чаралар Индияда Nipah вирусунун очогу катталганына байланыштуу жана

Өткөн жылы кепилдиктердин 54%ы айыл чарба ишкерлерине берилген

Өткөн жылы кепилдиктердин 54%ы айыл чарба ишкерлерине берилген

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча "Кепилдик фонд" ААКсы жалпы суммасы 3,79 млрд сомду түзгөн 1 656 кепилдик берди. Бул колдоонун натыйжасында ишкерлер 12,98 млрд сом өлчөмүндө кредиттик каражаттарды тартууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматынан билдиришти. Кепилдик колдоонун негизги бөлүгү айыл чарба тармагына туура келип, 894 кепилдик

Белгилүү кинорежиссер Садык Шер-Нияз моноблоктордон үй куруу технологиясын иштеп чыгып, патенттеди

Белгилүү кинорежиссер Садык Шер-Нияз моноблоктордон үй куруу технологиясын иштеп чыгып, патенттеди

Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО боюнча БУУдагы туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз жеңил конструкциялардан — моноблоктордон турак жай куруунун жаңы технологиясын иштеп чыгып, аны патенттеген. Ал бул технология жеңил жука болот конструкциялары, структуралык-изоляциялык панелдерге, ошондой эле фин жана канадалык курулуш ыкмаларына альтернатива экенин билдирди. Курулуш идеясы кыргыз боз үйүнүн архитектуралык

Кыргызстан менен АКШ транс улуттук кылмыштуулукка каршы кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен АКШ транс улуттук кылмыштуулукка каршы кызматташууну күчөтөт

КРнын Башкы прокуратурасында АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин жана АКШнын Юстиция министрлигине караштуу DEA өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Башкы прокуратурадан билдиргендей, жолугушууда айрым кылмыш иштери боюнча эл аралык укуктук жардам көрсөтүү маселелери, анын ичинде өз ара укуктук жардам көрсөтүүнүн тартиби жана практикалык аспектилери талкууланды. Тараптар баңгизат каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы