Кыргызстанга синтетикалык торлорду алып кирүүгө тыюу салынды

Кыргызстанга синтетикалык торлорду алып кирүүгө тыюу салынды

Министрлер кабинети “КРнын аймагына алып келүүгө тыюу салынган балык уулоочу синтетикалык торлордун, электр менен кармоочу тутумдардын тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомун кабыл алынды.

Такталгандай, синтетикалык материалдардан жасалган балык уулоочу торлор бышык жана сууда дээрлик чирибейт, бул алардын көлдөрдө жана башка суу объектилеринде топтолушуна алып келет. Бул торлордо балыктар чырмалышып өлүп суу объектилеринин чириген балыктар менен булганышына жана бүтөлүшүнө алып келгени суу объекттеринин жагымсыз эпизоотиялык абалына жана бүткүл Кыргызстан үчүн экологиялык кырсыкка алып келет.

Ушуга байланыштуу буга чейин эле мындай торлорду алып кирүүгө мыйзам менен тыюу салынган, бирок синтетикалык торлордун тизмеси аныктала элек жана бекитилген эмес болчу. Эми бул токтом менен тизме аныкталды.

Ага ылайык синтетикалык нейлондон же башка полиамиддик моножиптерден машинада же колго жасалган, жиптин диаметри 0,5 ммден кем жана торчолордун өлчөмдөрү 100 мм кем болгон даяр түйүндүү балык уулоо торлорун (торчонун конструктивдүү кадамымын өлчөмү 50 мм кем) (код ТЭИТН коду 5608 11 800 0), диаметри 0,5 ммден кем жана торчосунун өлчөмдөрү 100 мм кем башка синтетикалык моножиптерден машина менен же колго жасалган даяр түйүндүү балык уулоо торлорун (торчонун конструктивдүү кадамымын өлчөмү 55 мм кем) (ТЭИТН коду 5608 11 800 0), электр тогу аркылуу суу биологиялык ресурстарын алуу (кармоо) функцияларын биргелешип аткарган, туташтырылган өткөргүчтөрү жана аккумулятору (батареялары) бар электр сигнал генераторлорунан турган электрлештирүүчү системаларды жана түзүлүштөрдү (ТЭИТН коду 8543 20 000 0) синтетикалык торлорду Кыргызстандын аймагына алып кирүүгө тыюу салынат.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” 253 млн 885 миң сомдон ашуун компенсация төлөп берди

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” 253 млн 885 миң сомдон ашуун компенсация төлөп берди

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” Коргоо министрлигине 253 885 310 сом өлчөмүндө камсыздандыруу компенсациясын төлөп берди. Камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, бул төлөм 2025-жылы Жеңиш чокусунун аймагында куткаруу операциясын аткаруу учурунда жабыркаган Ми-8 тик учагы боюнча жүргүзүлдү. Тик учак 2024-жылы камсыздандырылган. Бул – Кыргызстандын камсыздандыруу тарыхындагы авиациялык окуя боюнча эң ири

Президенттик админстрацияда катчылык кызматы түзүлөт

Президенттик админстрацияда катчылык кызматы түзүлөт

Президент Садыр Жапаров президенттин администрациясынын ишин өркүндөтүүгө багытталган жаңы жарлыкка кол койду. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиргендей, документке ылайык, администрациянын түзүмүнө жана штаттык курамына бир катар өзгөртүүлөр киргизилет. Жарлык менен мамлекеттик кызмат орундарынын айрым аталыштары такталып, президенттин администрациясынын курамына катчылык институту расмий киргизилди.  Ошондой эле Администрациянын жаңыланган түзүмү жана

Депутат жарандарга берилүүчү насыя пайыздарын кайра кароону сунуштады

Депутат жарандарга берилүүчү насыя пайыздарын кайра кароону сунуштады

Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин 16-июндагы жыйынында Улуттук банктын 2025-жылдагы иши жөнүндө отчету каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Жыйында баяндама жасаган Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков өлкөнүн 2025-жылдагы акча-кредит саясатынын негизги көрсөткүчтөрүнө токтолду. Талкуу маалында эл өкүлү Айсаракан

Албаниянын президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Албаниянын президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 17-19-июнда Албаниянын президенти Байрам Бегай Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды. Маалыматка таянсак, сапардын алкагында Чолпон-Ата шаарында мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт, ошондой эле экономика, айыл чарба, туризм, транспорт, санариптештирүү