Ош облусунун жетекчилиги 2024-жылы аткарыла турган жумуштар тууралуу айтып берди

Ош облусунун жетекчилиги 2024-жылы аткарыла турган жумуштар тууралуу айтып берди

2024-жылдын 22-январында Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясында республиканын бардык аймактарындагы жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери 2023-жыл ичинде жасаган иштери жана 2024 боюнча маалымат берилди.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев иш чарада Ош облусу боюнча өткөн жыл ичинде жасалган негизги жетишкендиктерге токтолуп, алдыдагы негизги өнүктүрүү пландарды белгиледи.

Облус башчысынын маалыматында, Ош облусунун 2024-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы иштелип чыгып, анда агро-өнөр жай секторунда туруктуу кластерлерди түзүү, инфраструктураларды өнүктүрүү, туризм тармагын туруктуу өнүктүрүү жана ишкердикти күчөтүү багыттары приоритет катары көрсөтүлгөн.

Ошону менен катар келечектеги социалдык-экономикалык пландарды ишке ашыруу боюнча төмөндөгү конкреттүү чаралар көрүлүп жатат:

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун демилгеси менен Өзгөн шаарынын борборундагы автотыгын маселесин чечүү боюнча айланма жол куруу. Бул маселени чечүү максатында  Төрт-Көл айыл аймагынан Кароол айыл аймагына келип чыкчуу айланма жолдун болжолдуу суммасы 2.6 млрд сомду түзгөн долбоору иштелип чыгып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Транспорт министирлиги менен тийиштүү иштерди алып барууда.

“Эркештам” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагындагы эки өлкөнүн ортосундагы “Достук” көпүрөсүнүн курулушу бүткөрүлдү. Алай районунун Сары-Таш айыл аймагында жүк ташуучу автоунаалар үчүн унаа токтотуучу жай куруу, ошондой эле “Эркештам” көзөмөл-өткөрүү пунктунан Нура айылына чейин болжолду узундугу 6 км түзгөн 4 тилкелүү авто жолунун курулушу боюнча кытай тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Мындан тышкары Кытайдан чыккан транзиттик жүктөрдүн көлөмү көбөйгөндүгүнө байланыштуу Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын Ынтымак айылында иштебей турган чек ара өткөрүү пунктун ишке киргизүү боюнча өзбек тарап менен макулдашуу процесси жүрүүдө. 

Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы индустриалдык- логистикалык борборун аягына чыгарып ишке берүү. Ажыратылган 5 га жерге инвестиция тартуу менен Индустриалдык-логистикалык борборун куруу  боюнча иштер башталып,  1-этабында ишке бериле турган трикотаж кийимдерин тигүү ишканасынын курулуш иштери бүткөрүлдү. Аталган долбоор 3 этап менен 2025-жылдын аягына толук бүткөрүүсү каралган. Бул ишкана толук бүтсө 1000 ден ашуун адам жаңы жумуш орду менен камсыздалат.

Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагында 10 га аянтына жылдык кубаттуулугу 6 мин тонна пахтадан жип ийрүүчү фабриканы куруу менен миңден ашык  жаңы жумуш орундарын түзүү. Бул боюнча  22 млн долларын түзгөн долбоор даярдалган. 

Облустун аймагында сугат суунун тартыштыгын жоюу максатында Араван, Кара-Суу жана Чоң-Алай райондорунда суу сактоочу объектилерди куруу зарылчылыгы турат. Аталган маселени чечүү боюнча ылайыктуу жерлер аныкталып, долбоор даярдоо иштери көрүлүүдө.

Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагында жылына 1.2 млн тонна кубаттуулуктагы “Стандарт-цемент” ЖЧК цемент заводунун куруу. Бул боюнча 22 га жер аянты ажыратылып берилген жана болжолду суммасы 86 млн долларды түзгөн долбоор иштелип чыгып жеке тараптар аркылуу курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Бел-Алма-Кичи-Алай көмүр бассейнинин көмүрүн экспорттоону көбөйтүү максатында Кожо-Келен тараптан Чоң-Алайдын Кашка-Суу айыл аймагына чейин болжолдуу 50 км жол куруу боюнча тиешелүү иш кагаздары даярдалууда. Муну менен аталган аймакта көмүр казуу менен алектенген ишканалардын Кытайга көмүр экспорттоосу үчүн өбөлгө түзүлөт. 

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 100 иш-чара демилгесинин алкагында облустун аймагында аткарылуучу 100 долбоордун иш-чарасы түзүлүп, анда экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү багытында чакан жана орто ишканаларын колдоо, айыл чарбасын, энергетиканы жана туризмди өнүктүрүү чаралары, ошондой эле социалдык жана турак-жай коммуналдык инфраструктураны өнүктүрүүдө социалдык объектилердин курулушу, таза суу, жолдорду реабилитациялоо, калдыктарды башкаруу, социалдык өнүгүү жана коопсуздук маселелери камтылган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэринин тургундар менен жолугушуу графиги өзгөрдү

Бишкек мэринин тургундар менен жолугушуу графиги өзгөрдү

11-майдан тарта Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаанын тургундары менен ачык форматтагы жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуулар Президенттин тапшырмасынын алкагында уюштурулуп, шаардын бардык райондорунда өтөт. Анда шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, муниципалдык кызматтардын иши жана тургундардын сунуштары талкууланат. Свердлов районундагы жолугушуулар 11-12-май күндөрү өтөт. Биринчи май районунун

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата жеңилдетилген токтом чыкты

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата жеңилдетилген токтом чыкты

Министрлер кабинети медициналык-социалдык экспертиза өткөрүү тартибин жаңыртып, жарандарды “майыптыгы бар” деп таанууда жаңы ыкмаларды киргизди. Маалыматка караганда, жаңы эрежеге ылайык, айрым бейтаптар эми экспертизадан алыстан - онлайн форматта өтө алышат.  Бул өзгөчө оор өнөкөт, тубаса оорулары бар жана кыймылы чектелген жарандар үчүн жеңилдик болот. Мындан тышкары, текшерүүдөн өтүү мөөнөтү кыскартылып,

Каттоосу жок компаниялар объекттерди жарнамалоого жана сатууга тыюу салынат

Каттоосу жок компаниялар объекттерди жарнамалоого жана сатууга тыюу салынат

Министрлер кабинети көп кабаттуу үйлөрдү үлүштүк негизде куруу тартибин өзгөрткөн мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Маалыматка таянсак, жаңы сунуштарга ылайык, эми курулуш компаниялары жарандардын акчасын уруксатсыз ала албайт. Бардык объекттер мамлекеттик реестрге катталып, батир сатуу реестр аркылуу гана жүргүзүлөт. Сатып алуучулардын акчасы банктардагы эсептерде сакталат, ал эми куруучу каражатты иштин

Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планы бекитилди

Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планы бекитилди

2026-жылдын 25-апрелинде Министрлер Кабинети Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын бекитти. Бул документ борбор калаанын 2050-жылга чейинки аймактык өнүгүүсүнүн негизги багыттарын, функционалдык зоналаштырууну, республикалык жана жергиликтүү маанидеги объекттерди жайгаштырууну, ошондой эле шаарда коопсуз жана ыңгайлуу жашоо чөйрөсүн камсыз кылуу чараларын аныктайт. Башкы план 2050-жылга чейин аймактык пландаштыруунун негизги документи болуп