Кыргызстан Түркия менен стратегиялык өнүгүү планын талкуулады

Кыргызстан Түркия  менен стратегиялык өнүгүү планын талкуулады

2024-жылдын 10-февралында экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Түркиянын Стратегия жана бюджеттик башкармалыгынын вице-президенти Кутлухан Ташкин менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Стратегия жана бюджет башкармалыгы негизги саясий документтерди даярдоону, талдоо жүргүзүүнү жана мамлекетти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча сунуштарды даярдоону камсыз кылат, ошондой эле тармактык жана тематикалык саясаттарды жана стратегияларды иштеп чыгууга жетекчилик кылат.

Кошумчалай кетсек, бул институттун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири – борбордук мамлекеттик бюджетти түзүү жана аткаруу, пландарды, программаларды координациялоо, ресурстарды бөлүштүрүү, бюджеттерди, саясаттарды жана стратегияларды ишке ашыруу болуп саналат.

Ошентип, бул уюмдун негизги максаты мамлекеттин тең салмактуу жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу болуп эсептелет.

Жолугушууда түрк тарап стратегиялык өнүгүү пландарын, анын ичинде кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү түзүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Макроэкономикалык талдоо жүргүзүү ыкмалары, изилдөө үчүн артыкчылыктуу тармактарды аныктоо, ошондой эле уюмдун түзүмү жөнүндө маалымат берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогду улантууга жана түрк тажрыйбасын Кыргыз Республикасында киргизүү мүмкүнчүлүгүн изилдөөчү биргелешкен Жумушчу топ түзүү аркылуу өз ара аракеттенүү ыкмаларын аныктоого макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Зумерлер 2030-жылы жумушчулардын 50%ын түзөт

Зумерлер 2030-жылы жумушчулардын 50%ын түзөт

Эмгек рыногунда иш берүүчүлөрдүн үстөмдүк ролу азайып, талапкерлер барган сайын иш шарттарын жана компанияларды өздөрү тандай баштаганын бизнес-чарада рекрутинг агенттигинин директору Алина Макенова билдирди. Анын айтымында, негизги тренддердин бири — иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы күчтөрдүн тең салмактуулугунун өзгөрүшү. "Бүгүнкү күндө кызматкерди иш берүүчү гана тандабастан, талапкер да компанияны тандайт.

Парламент 16 жашка чейинки балдардын паспорт алуусун жөнөкөйлөтүүнү колдоду

Парламент 16 жашка чейинки балдардын паспорт алуусун жөнөкөйлөтүүнү колдоду

Жогорку Кеңеште эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет 16 жашка чейинки балдар үчүн паспорт алуу тартибин жөнөкөйлөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун колдоду. Жыйында депутаттар "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу демилгени карашты. Ал жашы жете элек жарандар үчүн чет өлкөгө чыгуучу паспортторду алуу жол-жобосун жеңилдетүүнү

Улуттук банк «Тиллабай» ЖЧКсынын эки лицензиясын кайтарып алды

Улуттук банк «Тиллабай» ЖЧКсынын эки лицензиясын кайтарып алды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн «Тиллабай» жоопкерчилиги чектелген коомунун лицензиялары кайтарылып алынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2026-жылдын 27-мартындагы чечиминин негизинде аталган компаниянын эки лицензиясы 2026-жылдын 30-мартынан тартып күчүн жоготту. Тактап айтканда, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү

Талас облусунда 61 чакырым жол куруу иши башталды

Талас облусунда 61 чакырым жол куруу иши башталды

Талас облусунда титулдук тизмеге кирген 61 чакырым унаа жолун куруу иштерине каражат бөлүнүп, иштер башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, быйыл облус боюнча жалпысынан 220 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландалууда. Анын 61 чакырымы титулдук тизме аркылуу, ал эми 160 чакырымы "Мамлекеттик капиталдык салымдар"