«Альянс Алтын» 1000-кызматкерин кабыл алды

«Альянс Алтын» 1000-кызматкерин кабыл алды

2025-жылдын 23-июлунда «Альянс Алтын» компаниянын расмий штаттык курамына 1000-кызматкер кабыл алынды. Бул тууралуу ишкана билдирди.

Такталгандай, жаңы кызматкер Сасык-Булак айылынын (Шумкар-Уя айыл аймагы) тургуну Сыргак уулу Бекболсун болду. Ал 18-июлда ишкананын Автотранспорт башкармалыгынын Автоунааларды оңдоо кызматына нөөмөтчү автослесарь болуп жумушка орношкон.

Бул символикалык сан кызматкерлердин катары көбөйүп жатканын гана эмес, компаниянын туруктуу өнүгүүсүн, жергиликтүү эл менен узак мөөнөттүү өнөктөштүктү жана жумуш орундарынын түзүүгө салым кошуп жатканын көрсөтүп турат.

Сыргак уулу Бекболсунга эстелик сертификатты компаниянын башкы директорунун өндүрүш иштери боюнча орун басары Константин Чуприн куттуктап, алдыдагы ишине ийгилик каалоо менен бирге ага эстелик сертификат, фирмалык каражаттар жана корпоративдик символикасы бар белектерди тапшырды.

"Мен кенге жакын жайгашкан аймактан болом. Жерүй кенинде иштөө максаты акыркы эки жылдан бери бар болчу. Бир канча этаптан турган экзаменден, конкурстан өттүм. Компаниянын 1000-кызматкери болуу албетте сыймыктуу жана жектекчиликтин бүгүнкүдөй жылуу тосуп алышы жагымдуу көрүнүш экен. Иштөө шарттары абдан жакшы экен. Буйруса билбегенибизди үйрөнүп, билгенибизди үйрөтүп иш алып бараарыбызга ишеним чоң", - дейт Бекболсун.

«Альянс Алтын» ЖЧКсы кадрдык потенциалды туруктуу түрдө күчөтүп, Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана калктын туруктуу жумуш менен камсыз болуусуна чоң салым кошуп келет.

economist.kg

Северный РЭС:

  • отрезки ул. Тоголок Молдо, Ананьева, Васильева, пер. Джольский — с 09:00 до 14:30;
  • отрезки ул. Салтанат, Аманат — с 09:00 до 16:00;

Бүгункү күндө «Альянс Алтын» компаниясында 1000 кызматкер эмгектенет. Ал эми кендин аймагында иш алып барган подряддык уюмдардагы кызматкерелерди кошкондо жалпы Жерүй кенинде 2000ге жакын адам иш менен камсыз болгон. Алардын дээрлик 98% КРнын жарандары.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;