АӨБ гранттын ордуна жеңилдетилген насыя берүүгө өтөт

АӨБ гранттын ордуна жеңилдетилген насыя берүүгө өтөт

Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу директору Чжэн Ву быйылкы жылдан тарта АӨБ Кыргызстанга грант берүүнү токтотуп, жеңилдетилген насыя берүүгө өтөрүн билдирди.

Анын айтымында, акыркы 3-4 жылда кыргызстан экономикасы өсүп, ИДП эки эсе жогорулаган. “Экономикалык ыкчам өнүгүүдөн улам биз эми өлкөгө гранттык ассигнацияларды сунуштабайбыз. Ошол эле кезде Кыргызстанга жеңилдетилген насыяларды көбүрөөк жиберип турабыз. Ошондой эле долбоорлор мурдагыдай эле АӨБдүн аймактык каржы булактарынан гранттарды алуу коннкурстарына катыша алышат”, -дейт ал. 

Чжэн Вунун билдиришинче, келерки жылдан тарта АӨБ жеңилдетилген насыялар боюнча мурдагы шарттарды сактайт. “Инфраструктуралык долбоорлор үчүн бул 32 жыл болот жана ага 8 айлык жеңилдетилген мезгил да кирет”, - дейт банк өкүлү. 

Мындан тышкары окуңуз

Январ айында Кыргызстанда тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн көлөмү 5,5 млрд сомду түздү

Январ айында Кыргызстанда тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн көлөмү 5,5 млрд сомду түздү

Январь айында Кыргызстанда тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн көлөмү (учурдагы баалар менен эсептегенде) 5 млрд 569 млн 994,5 миң сомду түзгөнү статистикалык маалыматтарда айтылат. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын январында бул көрсөткүч 6 млрд 161 млн 838,2 миң сом болгон. Мунун натыйжасында номиналдык көрсөткүч боюнча өндүрүш көлөмү 591,8 млн сомго же

Базар-Коргондо 7,8 млн сомдук жер муниципалдык менчикке кайтарылды

Базар-Коргондо 7,8 млн сомдук жер муниципалдык менчикке кайтарылды

Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын аткарылышын жана сакталышын текшерүүнүн алкагында мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, 2006-жылы Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн 1-Май айылынын аймагында жайгашкан, айыл чарба багытындагы жалпы аянты 9,2 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактардын

Мэрия комиссиясы "Бишкек ритуалдык кызматтар агенттиги" ишканасынын мыйзам бузууларын аныктады

Мэрия комиссиясы "Бишкек ритуалдык кызматтар агенттиги" ишканасынын мыйзам бузууларын аныктады

Муниципалдык "Бишкек ритуалдык кызматтар агенттиги" ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн жумушчу комиссия Бишкек шаарындагы бир катар көрүстөндөргө инспекциялык текшерүү жүргүзүп, бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Текшерүүгө комиссиянын төрайымы — шаар мэринин орун басары Виктория Мозгачева, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Таалайбек Дайырбеков жана Жаныбек Асанбеков катышты. Алгач текшерилген

Байтиктин Боз-Бөлтөгү "желип" баратат

Байтиктин Боз-Бөлтөгү "желип" баратат

Соцтармактарда дрон менен тартылган жаңы видео тарады. Анда тоонун капталын тилген ири карьерлер, топурак менен кумдун үймөлөрү жана дээрлик кыр чокусуна чейин жеткен техника так көрүнөт. Колдонуучулар тоо дээрлик жок болуп баратканын жазып, ал дагы канча жылга жетерин суроо кылышууда. Боз-Бөлтөк — борбор калаанын айланасындагы эң таанымал тоо массивдеринин бири. Ал