Ак-Талаа районунда сафлордон май чыгаруу завод ачылат

Ак-Талаа районунда сафлордон май чыгаруу завод ачылат

Ак-Талаа районуна караштуу Чолок-Кайың айылында жакында сафлор майын өндүрүүчү чакан ишкана ачыларын ишкананын жетекчиси Адил Курманалиев “Кабар” маалымат агенттигине билдирген.

Анын айтымында, 100 кг сафлорду иштетүүдөн 30 литр май чыгат жана ишкана суткасына 200 литр май өндүрүү кубаттуулугуна ээ.

“Ишкананы ачууга каражат жергиликтүү бюджеттен, айыл өкмөт тарабынан каржыланды. Ишкана айыл өкмөттүн карамагындагы кампада ачылып, айыл өкмөттүн балансында турат. Ишке киргенден кийин келишим менен бизге өткөрүлүп берилет”,- дейт ишкана жетекчиси.

Белгилей кетсек, чакан ишкана айылда 3 жумуш ордун түзүп, дээрлик айыл элин сафлор майы менен камсыздамакчы. 

2022-жылы Нарында дыйкандар биринчи ирет сафлор эгип, 131 тонна алгачкы түшүм алышкан. Ошол учурда облуста сафлордон май чыгаруучу завод салуу демилгеси көтөрүлгөн. Болжол менен сафлордун 1 гектарынан 1,5 тонна түшүм алынса, 1 тонна түшүмдөн 300 кг май чыгарууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Жакынкы күндөрү Кыргызстанда кар жаашы күтүлүп жатат

Жакынкы күндөрү Кыргызстанда кар жаашы күтүлүп жатат

Алдыдагы күндөрү Бишкекте аба ырайынын кескин өзгөрүүсү күтүлүүдө. Синоптиктердин маалыматына ылайык, кар жаап, үшүк жүрүшү күтүлөт. Абанын температурасы: 5-декабрь, жума күнү Күндүз: +6…+8°, ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. 6-декабрь, ишембиде Түндө –1…–3°, күндүз +7…+9°, жаан-чачын күтүлбөйт. 7-декабрь, жекшебиде Түндө –2…–4°, күндүз +6…+8°, ала булут

Кыргызстанда аквамаданиятты өнүктүрүү борбору түзүлөт

Кыргызстанда аквамаданиятты өнүктүрүү борбору түзүлөт

Балык өнөр жайы комплекси департаменти Корея деңиз институтунун (KMI) жетекчилиги менен Кыргызстандын “Балык чарбасын жана аквамаданиятын өнүктүрүү боюнча улуттук борборун” түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жыйын видео конференц байланыш форматында өттү.  Улуттук борбор министрликтин Регионалдык акклиматташтыруу жана

Муниципалдык жерлерди мыйзамсыз ээлөөгө каршы иштер уланууда

Муниципалдык жерлерди мыйзамсыз ээлөөгө каршы иштер уланууда

Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы шаардык жол-транспорт түйүнүн өнүктүрүүгө тоскоолдук кылган, мыйзамсыз курулган объектилерди алып салуу иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Сибирский тар көчөсүндө жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө 9 капиталдык курулуш жана 11 тосмо алынды. Натыйжада узундугу 144 метр, жалпы аянты 1700 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Бул кадам жолду

Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 50%га жакындады

Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 50%га жакындады

Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү боюнча камтуу дээрлик 50 пайызды түзгөнүн Билим берүү министрлиги маалымдады. Ведомствонун маалыматына караганда, 2024/25-окуу жылында мектепке чейинки билим берүүнүн бардык түрлөрү жана формалары, анын ичинде мектепке даярдоо боюнча балдардын камтылышы 44,3 пайызды түзгөн. Жакынкы жылдары бул көрсөткүчтү 60 пайызга жеткирүү максат кылынууда. Министрлик