Кытай Коммерция министрлиги АКШга чечкиндүү жооп кыларын эскертти

Кытай Коммерция министрлиги АКШга чечкиндүү жооп кыларын эскертти

Эгер АКШ президенти Дональд Трамп Кытай товарларына 100 пайыз бажы салыгын киргизе турган болсо Пекин ага чечкиндүү жооп кыларын кытай Коммерция министрлиги билдирди.  

“Америка тараптын мындай билдирүүсү кош стандарттын классикалык үлгүсү болуп жатат. Кез келген эле ыңгайлуу учурда жогорку бажы салыгын киргизүү менен коркута берүү КЭР менен болгон өз ара мамиленин жакшы жагы эмес. Эгер АКШ мындан ары да ушул жол менен кете берсе биздин өлкө тиешелүү аракеттерди көрөт, өзүнүн мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргойт” ,-делет Пекиндин маалыматында.
Буга улай текстте “КЭР жоопкерчиликтүү ири держава катары дайыма өзүнүн улуттук жана жалпы эл аралык коопсуздугун чечкиндүү коргоп, ошондой эле экспорттук көзөмөл чараларын кылдаттык, акылга сыярлык менен колдонуп, калыстык, акылгөйлүк жана кемсинтүүгө жол бербөө принцибин карманып келет”,-деп жазылат. 

Эске салсак, буга чейин АКШ лидери Кытай товарларына бажы салыгын жогорулатуу каралып жатканын Truth Social соцбаракчасына жазган. 

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң