Ысык-Көлдөгү туризм тармагы акыркы жылдары 3 эсеге өскөн

Ысык-Көлдөгү туризм тармагы акыркы жылдары 3 эсеге өскөн

Экономика жана коммерция министрлиги жана «2ГИС» компаниясынын анализине ылайык, 2025‑жылдын август айынын аягында курорттук сезон жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл жээгиндеги туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн саны 2019-жылга салыштырмалуу үч эсеге өскөн.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2019-жылы Ысык-Көлдө 360 коомдук тамактануу жайы иштеген болсо, 2025-жылы алардын саны 963кө жеткен.

Эң көп жайлар Караколдо — 170, Чолпон-Атада — 157, Бостериде — 142, Балыкчыда — 84.

Жайгаштыруу тармагында да оң динамика байкалууда. 2019-жылы региондо 627 мейманкана жана конок үйлөрү иштеген болсо, 2025-жылга карата алардын саны 1833кө жеткен.

Жайгаштыруу объектилеринин эң көбү Чолпон-Атада — 377, Бостериде — 336, Караколдо — 196, Балыкчыда — 27.

2019-жылы региондо 219 банкомат жана банктык тейлөө пункту иштеген болсо, 2025-жылы алардын саны 313кө жеткен.

Шаарлар боюнча: Каракол — 100, Чолпон-Ата — 38, Бостери — 10, Балыкчы — 40.

Экономика жана коммерция министрлигинин жана 2ГИСтин биргелешкен талдоосу туризм чакан жана орто бизнестин күчтүү кыймылдаткычы болуп жатканын, аймактык экономиканын өнүгүшүнө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана Ысык-Көл облусунун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүп жатканын тастыктайт.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң